Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Украиналык журналист Виктория Рощина Орусияда абакта каза болгону аныкталды


Виктория Рощина.
Виктория Рощина.

"Слідство.Інфо" басылмасы Орусия туткунга алган украиналык журналист Виктория Рощина 2024-жылдын 19-сентябрында Пермь крайынын Кизел шаарындагы №3 убактылуу тергөө абагында каза болгонун аныктады. Буга чейин Рощина өмүрүнүн акыркы күндөрүн Таганрогдогу тергөө абагында өткөргөнү, аны 2024-жылдын 8-сентябрында камерасынан белгисиз жакка алып кетишкени маалымдалган.

"Слідство.Інфо" басылмасынын журналисттеринин колуна Рощина каза болгону тууралуу кагаздын көчүрмөсү тийген. Аны Перм шаарынын ЗАГС мекемеси берген. Документте журналист 2024-жылдын 19-сентябрында каза болгону жазылган. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы дагы ырастады. Викториянын сөөгүн орус бийлиги толук соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбеген абалда Украинага өткөрүп берген.

Быйыл жазында Украинанын Ички иштер министрлиги анын сөөгү февралдын соңунда болгон репатриациянын алкагында өткөрүлгөнүн, ДНК экспертиза сөөк журналистке таандык экенин көрсөткөнүн билдирген.

Рощина "Азаттыктын" украин кызматы менен да кызматташкан, согуш тууралуу баяндап турган. 2023-жылдын август айында Запорожье облусунун оккупацияланган аймагында орус аскерлеринин туткунуна түшкөн. Таганрогдогу абактан Москвага которуп жатышканда каза болгон. Өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок.

Украинада Рощинанын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Согуш мыйзамдарынын бузулушу жана атайылап адам өлтүрүү деген негизде козголгон ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, Орусияда отузга жакын украин журналисти туткунда кармалууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG