Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Украинада энергетика тармагы бутага алынды, Орусияда алты жерде жарылуу болду


Украина. Темир жол бекети. Архив сүрөт.
Украина. Темир жол бекети. Архив сүрөт.

Орусия 25-сентябрга караган түнү да Украинанын аймактарын куралдын түрлөрү менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады. Мекеменин Telegram баракчасындагы соңку кабарларга караганда, Винница облусунда энергетика объектилерине сокку урулду.

Аймактын аскердик администрациясынын башчысынын орун басары Наталья Заболотная чабуул таңкы саат төрттө болгонун, айрым жерлердеги энергетика ишканаларына согуштук дрон тийгенин кабарлады. Поезд жолдун ишине зыян келтирилгени да белгилүү болду.

Харьков облусунун Купянск районунда соккудан улам тутанган өрттөн бир кишинин өмүрү кыйылганын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Орусия бейшембиге караган түнү Украинанын Донецк, Полтава жана Сумы облустарын да бутага алганы маалымдалды.

Согуштук дрондордун соккусуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, Краснодар крайындагы Белореченский районунда кеминде алты жарылуу болду.

Сочи аэропортунда түндө учууга жана конууга убактылуу чектөө киргизилди. Краснодарда жана Туапседе учкучсуз учак коркунучу жарыяланды, жергиликтүү бийлик элди зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG