Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

"23 окуу жайга өтүп, бара албай калдым". АКШга виза албай калган студенттер


Алмаз Жапаров.
Алмаз Жапаров.

Кыргызстандык айрым студенттер быйыл АКШдагы университеттерге өтсө да виза ала албай калганын айтышты. Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Америкада чет өлкөлүк студенттерге карата саясат катаалдап, социалдык тармактарды текшерүү, виза мөөнөтүн кыскартуу сыяктуу коопсуздук чаралары киргизилген.

Жалпы гранттын суммасы $1 530 000 доллар

Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн Алмаз Жапаров чет өлкөдө билим алууну максат кылып, АКШнын алдыңкы университеттерине тапшырган. Алмаз бул өлкөнүн 23 университетине документтерин жиберип, алардын 18и кыргызстандык окуучуну кабыл алууга даяр экенин билдирип, ар кандай жеңилдиктерди сунуштаган. Жалпы сунушталган гранттардын суммасы 1,53 миллион доллардан ашкан. Ошентсе да Алмаз Кошмо Штаттарга баруу үчүн виза ала албай калды:

"Нью-Йорк, Лос-Анжелес, дагы башка ири шаарлардагы окуу жайларга өткөм. Бирок алар берген жеңилдиктерге жараша Нью-Жерси штатындагы Роуэн университетине тапшыргам. Анткени алар менин окуумдун акысын 90%, же дээрлик 20 миң долларга азайтып берген. Мен, чынын айтсам, виза алам деп 100% ишенгем. Себеби олимпиадаларда жакшы орундарды алып, АКШда окуйм деп далайдан бери даярданып келгем. Ал тургай ЖРТ да тапшырган эмесмин, англис тилинде гана даярдык көргөм. Жыйынтыгында виза болбой калганына абдан капа болдум", — дейт Алмаз.

Ал азыр Бишкектеги окуу жайлардын биринде окуп жатат. Бирок чет өлкөдө билим алам деген кыялын ишке ашыргысы келет.

Алмаз Жапаров.
Алмаз Жапаров.

"Корея жана башка өлкөлөргө да документтеримди жиберип жатам. АКШга балким магистратурага кайрадан тапшырам. Бул өлкөдө окуйм деген кыялымды кайсы бир күнү ишке ашыргым келет. Биздин лицейден эле АКШга виза алам деп кирген 5-6 адам терс жооп алды. Ал жерде эмнеден улам сага виза берилбейт экени түшүндүрүлгөн жок. Биздин байкаганыбызга караганда, быйыл жай айлары визага тапшыргандар арасында ала албай калгандардын саны кескин көбөйдү. Былтыр мындай болчу эмес экен", — дейт ал.


"Азаттык" АКШга окууга өтүп, бирок виза ала албай калган онго жакын студент жана алардын ата-энеси менен байланышканда дээрлик бардыгы аты-жөнүн ачык айтууну каалаган жок. Алардын көбү элчиликтин терс жообунун так себебин билбейт. Айрымдары буга чейин АКШда окуп жүргөн студенттер экенин, бирок виза мөөнөтүн узарта албай кыйналып жатканын да айтышты.

"Элчиликтин алдында ыйлагандар болду"

27 жаштагы Айжамал быйыл АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарындагы техникалык окуу жайлардын бирине өтүп, окууга чакыруу жана бардык керектүү документтерди камдап алган. Бирок АКШ элчилигине барганда белгисиз себептерден улам виза ала албай калганын айтат.

"Маектешүү күнү эле дароо терс жооп айтышты. Өзүм деле эмне болгонун түшүнбөй калдым. Мени менен кошо кирген башка студенттерге да виза берилген жок. Окуу жай бардык документтерди даярдап берген. Ата-энем керектүү каражатты менин эсебиме салып, аны тастыктаган кагаздарды да кошо алып баргам. Окуу жайга виза ала албай калдым деп кабарласам, алар да абдан таң калышты. Кайрадан чакыруу катын жиберишти, бирок экинчи жолу тапшырууну каалаган жокмун. Элчиликтен "виза берилбейт" деген жоопту угуу мен үчүн катуу стресс болду. Ошол күнү сыртка чыгып алып ыйлагандар да болду, кайра документ тапшырууга аракет кылгандар болду, айрымдары азыр да өзүнө келе элек. Эмне үчүн мындай кырдаал болуп жатканын биз деле түшүнгөн жокпуз", — дейт Айжамал.

АКШнын визасын ала албай калган студенттердин арасында Нурзаданын 18 жаштагы уулу да бар. Ал Индиана штатындагы Келли бизнес мектебине өткөн.

"Уулумдун эң чоң кыялы - АКШда билим алуу болчу. Ал биринчи жолу элчиликке июлдун ортосунда кирди. Маектешүү маалында: “Биринчи жолу чет өлкөгө окууга тапшырып жатам, биринчи жолу элчиликке келдим, бир аз толкунданып жатам,”- деп ачык айтыптыр. Ошондон улам виза бербей коюштубу деп ойлодук. Августтун ортосунда экинчи жолу кирди. Бул жолу шашпай, так жооп бергенин айтты. “Окууга акчаны ким төлөйт?” - деген суроого атасы демөөрчү болорун түшүндүрүптүр. Бирок анда да оң жооп ала албадык", — дейтНурзада.

Анын айтымында, ошол күнү элчиликке кирген студенттердин көбү терс жооп алып чыккан:

"Ал күнү виза ала абай алган студенттер көп болду. Балдар да, ата-энелер да абдан капа болдук. Кийин гана АКШда студенттерге болгон талаптар күчөгөнүн уктук", — дейт ал.

Нурзаданын уулу АКШга тапшыруу аракетин токтотуп, азыр Европадагы окуу жайларды издеп, документтерин даярдап жатат.

Визалык саясаттагы өзгөрүүлөр

АКШ президенти Дональд Трамп бийликке кайра келгенден кийин чет өлкөлүк студенттерге виза берүү саясаты катаалдады. 2025-жылы АКШ өкмөтү жаңы визалык эрежелерди кабыл алып, студенттик визаларды төрт жылдык чектелген мөөнөткө гана бере баштады.

Америкалык консулдук кызматкерлерге визага арыз берген адамдардын социалдык тармактардагы баракчаларын көрсөтүү талабы киргизилип, «АКШ жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө жана мамлекеттин негизги принциптерине кастыкты көрсөтө турган белгилерди» издөө тапшырмасы берилди.

The New York Times басылмасы муну Трамп администрациясынын "либералдык көз караштагы университеттерди ооздуктоо жана аларды консервативдүү идеяларга ачык кылуу аракети" катары баалады.

Март айында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 300 студенттик виза жокко чыгарылганын жана бул жараян уланарын билдирген.

АКШда билим алуу үчүн негизги студенттик визалар:

  • F-1 – университеттерде, коллеждерде жана тил окуу борборлорунда окуу үчүн;
  • M-1 – техникалык жана кесиптик окуу жайлар үчүн;
  • J-1 – алмашуу программалары жана изилдөөчүлөр үчүн.

Виза алуу үчүн талапкер окуу жайдан чакыруу (I-20 же DS-2019 формасы), окууга жана жашоого жетиштүү каражаты бар экенин тастыктаган документтерди көргөзүп, элчиликтеги маектешүүдөн ийгиликтүү өтүшү керек.

АКШдагы Эл аралык билим берүү институтунун (IIE) Open Doors долбоорунун маалыматына ылайык, 2022-2023-окуу жылында АКШнын жогорку окуу жайларында 1 245 кыргызстандык студент билим алган.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигине караштуу SEVIS (Student and Exchange Visitor Information System) системасынын 2024-жылкы маалыматына караганда, Кыргызстандан F жана M категориясындагы активдүү студенттик визалардын саны 2 800дөн ашкан.

Эксперттер эмне дейт?

Борбор Азия университетинин адиси, билим берүү маселелери боюнча эксперт Мырза Каримов быйылкы татаалдашкан абалды тастыктады. Анын айтымында, ушул күндөрү да кайрадан АКШга визага тапшырып жаткандар бар:

Мырза каримов.
Мырза каримов.

"Быйыл Америкага окууга өтүп, виза ала албай калган студенттердин саны кыйла көбөйдү. Биздин өз окуу жайыбыздын студенттери арасында да виза ала албай калгандар болду. Айрымдары азыр да кайра тапшыруу менен алек. Ал тургай виза алып, бирок чек арадан ары өтпөй кайра кайтарылган студенттер тууралуу укканыбыз бар. Өзгөчө магистратурага тапшыргандар кыйналып жатышат. Анткени окуу жайлар кабыл алган күндө да АКШ өкмөтү жана миграциялык кызматтар катаал шарттарды коюп жатат. Ал тургай быйыл өз окуусун төлөйм дегендер да тескери жооп алып жатат. Мурун мындай болчу эмес", — дейт ал.

АКШда Фулбрайт программасы менен окуп келген медиa-эксперт Элира Турдубаева бул кырдаалды айрым студенттердин мыйзам бузган аракеттери менен да түшүндүрөт:

"Бир жагынан Трамп бийликке келгени эл арасында да, бийликте да “америкалыктар окуш керек, бул өлкө америкалыктар үчүн” деген түшүнүк күчөдү. Ошондон улам да жогорку окуу жайларда же гранттар менен чет өлкөлүктөр эмес, америкалыктар окуш керек деген маанай бар. Ошол эле кезде студенттик визаны алып, анын шарттарын бузгандар аз эмес. Америкага окууга тапшырып келип, бирок андан чыгып кетип иштеп кеткендер бар. Же элчиликке киргенде документтери туура эмес, каржылык колдоо тууралуу жасалма кагаз тапшыргандар да кездешет. Мындан улам азыркы жагдайды эске алып, окууга өткөн кыргызстандык студенттерди жоопкерчиликтүү болууга жана документтерин так тапшырууга чакырат элем", — дейт Турдубаева.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары кыргызстандыктар арасында виза режимин, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалардын талаптарын бузгандар көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 20-июнда билдирүү таратып, Кошмо Штаттардагы жарандарды мыйзамдарды так сактоого чакырды.

Министрлик мекендештерди АКШ визасынын мөөнөтүн так сактап, берилген убакыт бүткөнгө чейин өлкө аймагынан чыгып кетүү зарылдыгын эскертти.

"Министрлик визалык режимди сактабаган учурлар терс кесепеттерди жаратып, мыйзам бузгандардын өздөрүнө гана эмес, АКШга барууну каалаган башка жарандар үчүн дагы виза алууну татаалдаштырышы мүмкүн экендигин" баса белгилейт.

Буга чейин АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган. The Washington Post гезити 15-июнда АКШ Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме берип, тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагы жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр киргенин жазган.

14-июнда бул тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылып, аларга жаңы талаптарды аткарууга 60 күндүк мөөнөт берилгени айтылган. Кыргызстандын ТИМи бул тизме кантип түзүлгөнү түшүнүксүз экенин билдирип, 16-июнда АКШ элчилигинин консулун чакырып маселени талкуулаган.

Ал эми 18-июнда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен да бул маселени сүйлөшкөн.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG