Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Парламент өзүн өзү таркатты, жаңы шайлоо беш күндө дайындалат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдоду. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" добуш берген жок.

"Биз тарых жараттык"

Депутаттар бул сунушту дээрлик талкуулаган да жок. Демилгечи 32 депутаттын бири Улан Примов баяндама жасап, кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылды.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратып жатканын, VII чакырылыштагы парламент төрт жыл ичинде чек арага, тилге байланыштуу бир катар мыйзамдарды кабыл алып, натыйжалуу иштегенин белгиледи.

Парламентти кезексиз таратуу кадамына президент же президенттик администрация, Министрлер кабинети баш болгон башка бийлик органдары кийлигишпегенин билдирген төрага бардык жол-жоболорго таянып кезектеги шайлоо 30-ноябрда өтөрүн, бул жолу "президенттен же генералдан бата алуу, сүрөмөлөө" болбой турганын кошумчалады:

"Биз тарых жараттык десем жаңылышпаймын. Бул чынында тарых. Ушул күнгө чейин, эгемендик алганга чейин парламент эч качан өзүн таркаткан эмес. 1994-жылы, андан кийин 2007-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган. Соңку аракеттеги Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчысында мындай укуктар каралган эмес. Андыктан бул парламенттин өзүнүн ички чечими болду. Бул кадамыбызга сырткы күчтөр, президент же анын администрациясы, Министрлер кабинети, башка укук коргоо органдары аралашкан жок", - деди төрага.

Тургунбек уулу кийинки шайлоону таза өткөрүүгө аракет болорун белгилеп, саясий жарышка барчуларды "мурдагыдай күч көрсөтүү, алдоо, добуш сатып алуу менен эмес, позиция, программалары менен" жеңип келүүгө чакырды. Ал мындай жолго баргандар жазалана турганын эскертти.

Моралдык жоопкерчилик

Депутат Надира Нарматова парламентти таратуу сунушун алып чыккандарды кийинки шайлоодо моралдык жоопкерчиликти эске алууга чакырды.

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

"Келгенине алты ай, бир жыл боло элек депутаттардын келе калып кете калам деп демилге көтөргөнү коомчулукта түрдүү пикирди жаратты. Болгондо дагы үч вице-спикердин бардыгы кетем деп жарыялап жатат. Алты комитеттин төрагасы кетем деп маселе көтөрүп жатат. Катардагы карапайым депутаттар мүмкүнчүлүк берип, көкөлөтүп төргө отургузган адамдардын парламентти таратабыз деп алып чыкканы коомчулукта бүдөмүк суроолорду жаратып жатат. Алар тарайбыз десе, кеткилери келсе арыз жазып кете берсе болмок экен... Демилге көтөргөндөр элдин алдына кантип добуш бер деп барасыңар? Кудайдын, мыйзамдын, шайлоочулардын алдында моралдык укугуңарды ойлоп койгула", - деди Нарматова.

Деген менен депутат Исхак Масалиев бул сунуш Ак үйдөн келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып 17-сентябрда билдирген:

"Кайсы бир депутат өзүнүн ишин жетиштүү эмес деп эсептесе анда өзүнүн арызын жазып кетсе болот эле да. Ошол демилге көтөргөн 32 мырза-айымыбыз өздөрү арызын жазып, мандатын тапшырып койсо болот эле. Тизмеде алардан кийин дагы адамдар бар да. Булар көпчүлүктүн укугун кордоп жатат. Алардын парламентти таратыбыз деген негиздемеси жетиштүү эмес. Эми мыйзамда андай мүмкүнчүлүк бар жана ал мүмкүнчүлүк кандай учурда колдонулат. Эгерде бийлик бутактары ортосунда карама-каршылык түзүлүп калса же мамлекетибизде оор коркунуч жаралса мейли эле. Президенттик шайлоого ыңгайсыз болуп калат, бул жакшы эмес деген негиздеме. Президенттик шайлоо үчүн парламент өзүнүн тагдырын чечкени туура эмес. Келгиле анда президенттик шайлоонун мөөнөтүн мыйзам менен өзгөртүп коелу. Тилекке каршы негиздеме, 30дан ашык адамдын колу бар. Чечим ишке ашат. Бул эми кезектеги президенттин күчүн көрсөтүүсү. Бул демилгени 32 депутаттын арасынан бирөө дагы өз демилгеси менен жазган эмес. Президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнөн түшкөн кат. Ошого депутаттар айла жок кол коюп жатат".

Парламентти таркатуу демилгеси

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште өзүн өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасына жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.

23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдогон.

Эми парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

23-сентябрда парламенттин өзү өзү таркатуу сунушу тууралуу демилгечилердин бири, депутат Улан Примов баяндама жасаган. Анда бул сунушту "мамлекеттеги туруктуулук үчүн" деген жүйө менен негиздеген.

Улан Примов.
Улан Примов.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айынын аягында өтүшү керек эле. Бирок бир айдан кийин эле Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоосу туш келип жатат. Мындай учур саясий туруксуздукка алып келиши толук ыктымал. Мамлекетте мындайга жол бербешибиз керек, бийлик бутактары кандай учур болбосун иштеп туруусу зарыл. Кыска убакытта эки масштабдуу шайлоо кампаниясын уюштуруу, өткөрүү олуттуу финансылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Бул шайлоо системасына ашыкча жүктү жаратып, каталардын жана мыйзам бузуулардын коркунучу дагы күчөшү ыктымал. Шайлоону кыска убакыт аралыгында өткөрүү шайлоо системасына оорчулукту жогорулатып, өлкөнүн саясий системасынын туруктуулугуна, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жана демократиялык процесстердин сапаттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деген Примов.

Улан Примов мунун алдында "Азаттыкка" комментарий берип жатып комитеттин чечимин алгач координациялык кеңеш карарын, андан кийин жалпы жыйынга чыгарыларын, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы кийинкиси шайланып келгенче макамы сакталып турарын белгилеген. "Азаттык" Примовдун адатта коомчулукта талаш-талкуу жараткан демилгелер, мыйзам долбоорлорго байланыштуу негизги баяндамачы катары чыгып жүргөнүн эске салып, өзүнүн пикирин сураган.

"Эми депутат болгондон кийин чуулгандуу болобу, кандай мыйзам долбоору болсо да мамлекетке пайдасы тийсе, албетте, сөзсүз түрдө демилгечилердин катарында дагы болом. Ошол маселелер боюнча негизги баяндамачы бол десе, мен эч качан жок дебейм. Парламентти ар дайым эле сындап келишкен. Сиз парламенттин бардык чакырылышын карай турган болсоңуз анда сын айтылбаганы болгон эмес. Парламенттин 7-чакырылышы аткаруу бийлиги менен конфронтацияга барбай, конструктивдүү, аябай ыкчам иштеди десем жаңылышпайм. Ушул чакырылышы мамлекеттин туруктуулугуна дем берген, күч берген, таасир эткен мыйзамдарды кабыл алды", - деп жооп берген ал.

Улан Примов келерки шайлоого катышарын билдирген.

Өзүн өзү таркатуу демилгеси комитетте каралып жатканда талкуу дээрлик болгон эмес. Депутат Элмурза Сатыбалдиев бул сунуш көбүрөөк талкууланса болмок деген оюн билдирген. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, аны төмөнкүчө чечмелеген.

Элмурза Сатыбалдиев.
Элмурза Сатыбалдиев.

"Парламенттин өзүн өзү таркатуусу деген эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул дагы коомдо кененирээк талкууланса, бир аз түшүндүрүү болсо дегем. Коомдун баарында эле юридикалык билими бар эмес да. Ошолорго терең түшүндүрсөк болмок. Азыр болсо эки негиздеме менен чыгып алып, коомго эч нерсени түшүндүрө албай калдыкпы деген менде сезим бар. Эгерде биз эч кимге түшүрдүрө албай калсак, демек бул чакырылыш бир аз жакшы иштей албай калгандай сезим калтырышы мүмкүн. Мен ошон үчүн сунуштап койдум. Кененирээк талкуулап, негиздерин кенен кылып дегендей. Кенен дегенде ошол 32 депутат отуруп алып, кенен-кесири талкуулап койсо жакшы болмок".

Элмурза Сатыбалдиев өзү келерки шайлоого барбасын белгилеп, парламентте муун алмашуусу керектигине токтолду.

"Мен өзүм кийинки шайлоого барбайм. Себеби мамлекеттик жумуш, элдин жүгүн алып жүрүү оңой иш эмес. Мен болгон тажрыйбамды жумшадым. Эми мындан ары кичине үлгүлүү болуп, бир аз эс алайын деп жатам. Азыркы чакырылышы бул уникалдуу чакырылыш болду. Себеби 34 жылдан бери чечилбей келе жаткан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арабыз парламентте ратификациялоо жолу менен чечилди. Бир чакырылышты жакшы, дагы бир чакырылышты жаман деп айтууга болбойт. Бардыгы салыштырмалуу болот. Эмки келе турган 8-чакырылыш кандай болот, ал жагы азыр бүдөмүк. Бизди азыр жаман иштеп кетип жатат деген дагы сөздөр айтылып жатпайбы. Мен эми карып калдым деп айта албайм, 60 жашка чыктым. Бирок парламент жаңыланса, жаштар келсе иш жаңылануу менен жүрөбү деген ой бар. Себеби мисалы менин иштөө тажрыйбам дагы эскиргендей, коомго туура келбегендей туулат. Биз совет доорунда иштеп, көнүп калганбыз да. Азыр болсо коом, жашоо башка, бардык нерсе өзгөрүп жатат. Ошондуктан парламенттин өзүн өзү таркатып жатканын деле туура таптым. Өз учурунда эле болуп жатса керек, балким мындан дагы эртерээк таркаса болмок. Эң негизги шайланып келген ар бир депутат өз милдетин аткардыбы деген суроо бар. Мен Өзгөн шайлоо округунан шайланып келгем, мен өз милдетимди толук аткара алдым деп эсептейм".


Депутат Бактыяр Калпаев дагы парламенттин өзүн өзү таркатуусун колдорун, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында жаңы муундун өкүлдөрү көбүрөөк келет деп үмүттөнүп турганын айткан:

Бактыяр Калпаев
Бактыяр Калпаев

"Мен бир мандаттуу округдан шайланып келгем. Партиялык система менен келген депутаттарда жоопкерчилик болбой, эл менен түз байланыш болбой жатат деген сын-пикирлер айтылып келген. Бир мандатуу округдан шайланып келгенде ошол аймакка түз жооп бересиң деп жаңы система киргизилди. Ошондуктан биз жеке кызыкчылыкты ойлобой ушуга бардык. Парламентке дагы көбүрөөк жаштар келсин деген максат менен мен колдоп жатам. Эл өзүнүн баасын берет. Эл кимди тандаса, ошолор кайра депутат болуп келет. Мурдагы депутаттар, азыркылардын көбү кайра шайлоого катышабыз деп жатышат. Бирок курамы көбүрөөк жаңыланат деген үмүтүбүз бар. Мен былтыр өзүм шайланып келдим. Өзүңөр байкагандай, былтыр жалаң эле жаштар келишти. Келерки чакырылышта өлкөбүзгө кызмат кылам деген, өзгөртөм деген жаштар келет деген ишенимим чоң".



Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин азыркы VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана бир мандаттуу 36 округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG