Долбоор быйыл февралда сунушталып, Жогорку Кеңеш аны 30-апрелде кабыл алган эле. Жаңы мыйзамга ылайык өлкөдө 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринде үчтөн депутат - эки эркек, бир аял, жалпы 90 эл өкүлү шайланат.
Жаңы мыйзамдын артыкчылыгы эмнеде? Мурдагы шайлоо системасынан эмнеси менен айырмаланат?
30 округдан 90 депутат
Президенттин сайтында жазылгандай, документтин максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана учурдагы шайлоо системасынын кемчиликтерин азайтуу, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Шайлоо өткөрүүдө эми аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Мындай добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп жалпы 11 депутат демилгелеген. Алардын бири депутат Марлен Маматалиев мыйзамдын артыкчылыгы катары буларды айтты:
"Азыркы системадан айырмасы, аялдардын квотасына жүз пайыз кепилдик болот. Парламентке 30 аял депутат келет. Эгерде округдардагы талапкерлер арасында кыз-келиндер көп болсо, дагы көбүрөөк депутаттык мандат алып калышы да толук ыктымал. Андан сырткары, депутаттар мындан ары аймактардагы тургундар менен түздөн-түз байланышта болот. Бир эле округдан үч депутат шайланып чыгат. Демек, эл менен жолугушууларга бат-баттан каттап калат. Бул өз кезегинде ошол аймактын, жергиликтүү элдин маселелерин чечкенге кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет. Жаңы мыйзамдын алкагында бир эле округдун ичинде 3-4 район биригүүдө. Айрым учурларда түндүк жана түштүк облустарынын аймактары бириккен учурлар бар. Бул аралаш системаны түзүп, келечекте трайбализмге дагы жол бербейт".
Жогоруда депутат айткан 30 шайлоо округу аймак боюнча кандай бөлүштүрүлөрү азыр айтыла элек. Балким, депутат Маматалиев анын долбоору менен тааныш болушу мүмкүн.
БШКнын маалыматына таянсак, учурда өлкө боюнча 4 миллион 188 миңден ашык шайлоочу катталган. Демек, шайлоочулардын санын 30га бөлгөндө 140 миңге жакын болот. Ошентип бир шайлоо округу 140 миңге чейинки шайлоочунун эсеби менен аныкталмакчы.
Талапкерлерди саясий партиялар көрсөтө алат жана жарандар да өзүн-өзү көрсөтсө болот. Мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна шайлоодо алардан кийинки орунда келген талапкер келет. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максаты катары түшүндүрүлдү.
Буга чейин Кыргызстанда парламентаризм куруу аракети болуп, партиялык шайлоо системасына өткөн.
Парламенттик шайлоодон кийинки бир нече ирет кайталанган нааразылыктар саясий кризиске алып келип, соңкусу 2020-жылы октябрда бийлик алмашуу менен аяктаган. Добуш сатып алуу, саясий коррупция сыяктуу көрүнүштөр шайлоого болгон ишенимдерге да сокку урган.
Кыргызстанда шайлоо системасы ар бир келген парламент тарабынан өзгөртүлүп келген.
Саясат талдоочу Эмил Жороевге кайрылып, "бул жолку өзгөрүүлөрдүн кандай натыйжасы болот?" деп сурадык.
"Азыр парламентте жетинчи чакырылыш иштеп жатат. Дээрлик ар биринде шайлоо системасы өзгөргөн. Айрым учурда кескин өзгөргөн мыйзамдардын негизинде парламент шайланып келген. Башкача айтканда, биздин парламенттин мыйзамдык, институционалдык туруктуулугу дээрлик жокко эсе болуп келген. Өзгөчө шайлоо ыкмасы, партиялардын ролу жөнүндө айтсам болот. Бул кейиштүү абал парламенттин да, партиялардын да түптөлүшүнө тоскоол болуп келген. Эми жаңы мыйзам кабыл алынды, бул дагы өзгөрүүлөрдүн дагы бир мисалы болмокчу. Бул мыйзамдын кайсы бир деңгээлде зарылдыгы да бар эле. Азыркы тапта иштеп жаткан парламенттин соңку чакырылышынын түзүмү, анын шайлоо ыкмасы чынында убактылуу гана чечим болуп келген. Парламентте партиялардан 54 мандат, бир мандаттуу округдардан 36 деп бөлүнүшүндө бекем логика болгон эмес. Өз кезегинде кандайдыр бир компромисстин натыйжасында кабыл алынган чечим болчу. Жаңы мыйзамга ылайык, орток ыкма кабыл алынды деп эсептейм. Эгерде партиялар күчтүү болсо, шайлоочулар арасындагы аброюна жараша талапкерлерин чыгарат. Шайлоодон утуп келип, фракция түзөт. Андай болбой, биздеги 300гө жакын партия өз талапкерлерин алып чыгып, чачыранды болуп, жыйынтыгында өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге утулуп калса, бул анча туруксуз парламенттик институтка алып келет. Тилекке каршы, жаңы мыйзам менен өткөн биринчи шайлоодо ошондой эле болот деп турам. Чындыгында бизде партиялардын акыбалы, мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Ага түшүнүктүү, объективдүү себептер да бар. Андыктан жаңы мыйзамды узак мөөнөттөн карап баалоо керек. 2-3 парламентти шайлоодо туруктуу колдонулса, мыйзам жакшы иштеп кетиши мүмкүн”.
Саясат талдоочу ошол эле кезде мыйзамдын кандай иштерин "азыр алдын ала айтуу кыйын" деген пикирин кошумчалады.
"Ошол эле коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коет деп айтууга негиз жок. Жаңы мыйзам боюнча деле толтура, анча жакшы эмес коррупциялык шайлоо аракеттери болушу толук мүмкүн", - деди Эмил Жороев.
"Кландар менен байларды парламентке алып келет"
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков шайлоо мыйщамына кирген өзгөртүүлөр "олуттуу жыйынтыктарга алып келбейт" деген пикирде болууда. Ал өз жүйөсүнө былтыр жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоону мисал тартууда.
"Шайлоого болгону бир ай калган учурда мыйзамды кабыл алышты дагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосун өткөрүштү. Андан бир өзгөрүү болдубу? Болгон жок да. Саясатчы эмес, баягы эле бизнесмендер, мурдагы аткаминерлердин балдары, неберелерине чейин келди. Азыркы шайлоо тууралуу мыйзамды кабыл алып жатканда коомдук угууларга саясатка аралашып жүргөн активдүү жарандар катыша алган жок. Алар өз пикирин айта алган жок. Жогорку Кеңешке теориялык саясатты жакшы билген саясат таануучуларды чакырышты, юристтерди жана башкаларды чакырып, маселени жаап коюшту. Бул шайлоо мыйзамы алдыдагы 10-15 жылда Кыргызстанда мыкты саясатчылардын чыгышына, алардын саясатчы катары калыптанышына бөгөт болот. Борбор Азияда Кыргызстан саясий партиялар жаңыдан өнүгүп келаткан, парламенттик деп айтылып жүргөн атыбызды өчүрөт. Бул мыйзам саясий партияларды түп-тамыры менен жок кылат. Ал болгону жергиликтүү кландарды, жергиликтүү авторитеттерди жана байларды парламентке алып келгенге жакшы шарт түзөт. Шайлоо өтүп, депутаттар тандалгандан кийин дагы далай талкуулай турчу темага айланат келечегинде".
Өлкө бийлиги жаңы мыйзам азыркы учурга ылайык келерин айтып, шайлоочулардын, саясатчылардын даярдыгы болгондо партиялык башкаруу системасына өтүүгө болорун жүйө тартууда.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2021-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык жол менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келген.
Шерине