2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Атамбаевди кармоо маалында атайын кызматтын бир офицери каза болуп, 225 адам жабыркаган. Мурдагы мамлекет башчы ал иштин алкагында алгач соттолуп, кийин абактан бошотулган жана чет өлкөгө чыгып кеткен.
Созулган соттун өкүмү
3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир нече кишиге каршы козголгон айрым кылмыш иштери боюнча өкүм чыкты. Судья бул күнү таңкы саат 10:00дө ишти кароону баштап, андан соң чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти. Ошентип, саат 21:00дөн кийин гана ишти кароону улантып, соңунда өкүмдү окуду.
Кой-Таштагы 2019-жылдагы окуя боюнча Атамбаевге 11 жыл 6 айга камоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров сот өкүмүн окуп жатып мындай деди:
“Сот Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын алуу, куралга байланышкан иштер менен алектенүүгө тыюу салуу жана 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды аркалоого тыюу салуу менен бирге 11 жыл 6 айга эркинен ажыратууга өкүм кылат. Ал жазасын жалпы режимдеги абакта өтөсүн”.
Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу өкүмү жарыяланды. Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерди.
Сот аяктаган соң Ирина Карамушкина "Азаттыкка" учкай комментарий берип, буларды айтууга үлгүрдү:
“Мени кимдир бирөө кайсы бир нерсе үчүн катуу жазалагысы келип жатат окшойт. Аялдардын ичинен мени гана жазалап, пробацияны жаза мөөнөткө алмаштырып коюшту. Бул нонсенс, бул буйрутма. Бул жөн гана опуза сот болду”.
Жаза аткаруу кызматынын аскерлери кармап кетип жаткан маалда саясатчы Равшан Жээнбеков мындай деди:
"Бул саясий буйрутма болду. Азыркы авторитардык режим мени дагы түрмөдө кармайбыз деп чечти. Мен бул менен макул эмесмин. Колумдан келишинче, мыйзамдын чегинде күрөшөбүз. Калганын убакыт көрсөтөт. Мен түрмөдөн коркпойм, түрмөгө жатып жүргөн кишимин, мени түрмө менен коркута алышпайт".
Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты.
Ал эми жемкорлук тууралуу айып боюнча мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди.
Калган айыпталуучуларга "мөөнөтү өттү" деген негизде жаза чегерилген жок.
Бириктирилип каралган иштер
Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров Атамбаевге жана дагы бир нече кызмат адамына каршы козголгон үч кылмыш ишин бириктирип карады.
Биринчиси - Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселесине байланыштуу. Прокуратура Атамбаев Кой-Ташта мурда "Дастан" ишканасына таандык 2,7 гектар жерге ээ болууда жемкорлукка барганын маалымдаган. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президентке коюлган бул айыптоо негизсиз экенин билдирген. Ал "Аны өз акчасына мыйзам чегинде сатып алган. Айыптоонун баары ойдон чыгарылган" деп айткан.
Экинчи иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге каршы козголгону, ал Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция, "Терек" сурма кениндеги коррупция, Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу деген үч эпизоддон турары маалымдалган.
Үчүнчү иш Кой-Таштагы 2019-жылы 7-8-августта Атамбаевди кармоо учурундагы адам өлүмү менен коштолгон башаламандык тууралуу.
Айыпталуучулардын бири Ирина Карамушкинанын адвокаты Айбек Турдуев "Азаттыкка" соңку соттук чечимден кийин мындай комментарий берди:
"Кой-Таш айылында болгон окуяда Ирина Юрьевна атайын кызматтын аскерлерине жардам берип, аларды чыгарууга көмөктөшүп жүргөн. Соттук териштирүү учурунда атайын кызматтын 6 кызматкери "Карамушкина бизге жардам берген, ал бизди барымтага алган эмес, тескерисинче, бизди чыгарганга аракет кылган" деп көрсөтмө беришкен. Ага карабай сот аны күнөөлүү деп таап койду. Андан да ага пробациялык жаза бербей, камоо чечимин чыгарып коюптур. Бул гумандуу эмес жана мыйзамсыз чечим деп эсептейбиз. Бул чечимдин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылабыз".
"Батукаев иши"
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бирок кийин иш кайра карала баштаган.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, дээрлик 17 жылга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы "айыккыс илдетке чалдыкты" деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.
Быйыл 17-апрелде Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча айыпталган Алмазбек Атамбаевдин ишин карап, мурдагы президентти күнөөлүү деп тапты. Бирок мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерген жок. 2023-жылдан бери Испанияда дарыланып жатканы айтылган Атамбаев реалдуу жаза албаганы менен соттолду болуп кала берет.
Атамбаев Борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. 2022-жылы 16-июнда аталган сотто мектептин курулушу жана паспорт берүү иштери боюнча актаган чечим чыккан.
Быйыл 14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү суранган.
Мурдагы президент Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев соттун соңку чечимин мындайча баалады:
“Эл аралык уюмдар “Кой-Таш окуясын “адамгерчиликке каршы” окуя катары баалашкан. Албетте, бүгүнкү чечим бизди таң калдырып жатат, ошол эле маалда биз мунун артында эмне турганын түшүнүп жатабыз. Мунун баары саясий оюн, басым кылуунун айласы”.
Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган.
Аны колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. Ошол маалдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин "Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук", "Массалык башаламандык уюштуруу", "Киши өлтүрүү", "Кылмышка аракеттенүү", "Барымтага алуу", "Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери боюнча айып тагылганын билдирген.
2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.
Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланды.
Шерине