Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

"Кой-Таш иши": Жапаров Атамбаевге чыккан сот өкүмү жана Бакиев жөнүндө үн катты


Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Курманбек Бакиев. Иллюстрациялык сүрөт. "Азаттыктын" коллажы.
Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Курманбек Бакиев. Иллюстрациялык сүрөт. "Азаттыктын" коллажы.

Президент Садыр Жапаров Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге чыккан сот өкүмүн комментарийлеп, "соттордун ишине кийлигишпегенин, нааразы тарап жогорку инстанцияга кайрылса болорун" айтты. Жапаров ошондой эле бул соттук чечим мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келүү үчүн жасалган аракет деген жоромолду төгүндөдү.

Мунун алдында сот “Кой-Таш иши” боюнча Алмазбек Атамбаевди сыртынан 11 жарым жылга кесип, башка үч саясатчыны сот залынан камакка алган. Атамбаевдин жакындары мындай чечимди Бакиевди кайтарып келүү менен байланыштырышкан.

Бириктирилген үч иштин жыйынтыгы

“Кой-Таш иши” боюнча 3-июндун кечинде чыккан сот өкүмү жөнүндө президент Садыр Жапаровдун интервьюсу 4-июндун таңында жарыяланды. "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мамлекет башчы "соттордун ишине кийлигишпей турганын” кайталап, “нааразы тарап жогорку инстанцияга кайрылса болорун" билдирди.

Жапаров журналисттин “эгер Атамбаев Кыргызстанга келсе камалабы?” деген суроосуна да жооп берди.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айыппул салуу менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпирабадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз", – деди Садыр Жапаров.

3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш иши”, Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жана "Дастан" ишканасындагы коррупция боюнча бириктирилген ишти карап, өкүм чыгарды. Мындагы негизги айыпталуучу – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аны сыртынан камоо чечими чыкты.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров сот өкүмүн окуп жатып мындай деди:

Азирет Медеров
Азирет Медеров

“Сот Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын алуу, куралга байланышкан иштер менен алектенүүгө тыюу салуу жана 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды аркалоого тыюу салуу менен бирге 11 жыл 6 айга эркинен ажыратууга өкүм кылат. Ал жазасын жалпы режимдеги абакта өтөсүн”.

Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу өкүмү жарыяланды. Ал эми Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге сот 5 жыл 6 ай жаза берди.

Биринчи май райондук соту, өкүмдү угузуу учуру
Биринчи май райондук соту, өкүмдү угузуу учуру

Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты.

Бакиевдерди кайтарып келүү чарасыбы?

Башка маселе, Атамбаевге байланыштуу соттун чечиминен соң коомчулукта Бакиевдер темасына байланыштуу талкуу кайрадан жанданды. Буга мурдагы президенттин жакындарынын айыптоосу негиз болду.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев соттун соңку чечими саясий буйрутма менен жасалганын айтып, муну мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу үчүн колдонула турган чара катары баалады:

Кадырбек Атамбаев
Кадырбек Атамбаев

“Бийлик бул камоолор, абакка отургузуулар жана жаза мөөнөттөрү менен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесинде соодалашуу үчүн өздөрүнө керектүү чараларды даярдап жатат. Анткени эгер эки жыл мурда Дубайдагы мурдагы президенттердин жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев демарш жасабаганда алар Бакиевдерди алып келишмек. Ошондуктан алар биздин партиядан камакта жаткан адамдарга кошуп дагы бир нече адамды камап, орой айтканда, сүйлөшүү үчүн барымтадагылардын санын көбөйтүүдө. Ошону менен дагы басымды улантышат, себеби бул аларга өтө керек болууда”.

Маалым болгондой, 2023-жылы февралда Дубайда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолуккан. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул кадам эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун жазган. Кийинки маалыматтарда мурдагы президенттердин бири Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевдин ошол жолугушууга катышканын сынга алып, жыйынга толук катышпай чыгып кеткени айтылган.

Быйыл апрелде Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү “кайра каралууга жатат” деген чечим чыгарган. Бул жана башка аракеттер “Бакиев Кыргызстанга кайтарылышы мүмкүн” деген талкууларды жараткан.

Президент Садыр Жапаров марттагы интервьюсунда Беларустун бийлиги “эгер камабасаңар Курманбек Бакиевди өткөрүп беребиз” деп билдиргенин кеп кылган.

“Кой-Таш иши” боюнча чыккан соттук өкүмдөн кийин президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сөздөрдү кайрадан комментарийлеп, Атамбаевдин жакындарына жооп берди.

"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери "Бакиевди алып келели десек, беларус тарап бербей жатат" деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, "макул берели, бирок ачык сот кылгыла" дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп жатышат. Ошондуктан Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Алла күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти", – деди Садыр Жапаров.

2023-жылы жазында Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу сөздөр жанданган. Ошол маалда Кыргызстанда энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып келген Алексей Ширшов камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген.

Баса, 2024-жылы жайында Садыр Жапаров Апрель окуяларында жабыр тарткан адамдар ага Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Жапаров Бакиев аларга "200 киши иштечү тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган" деп билдиришкенин, буга байланыштуу бир гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин билдирген.

Көп өтпөй 2010-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардан кийин түзүлгөн "Айкөл Ала-Тоо","Мекен шейиттери", "Апрель элим Кыргызстан", "Апрель байрагы" жана "Эр теги" коомдук бирикмелеринин жетекчилери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Бакиевдин Кыргызстанга келишине жана фабриканын курулушуна каршы экенин айтышкан.

Ага карабай Бишкектин айланасынан 1 гектардай жер бөлүнүп, фабрика курулуп баштаган.

Бул окуялардын фонунда коомчулукта Бакиевдер тууралуу талкуу дале токтобой келатат жана соңку соттук чечимден кийин да күчөдү.

Юрист Нурбек Токтакунов соттун артындагы саясий оюндарды мындайча талдады:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Соңку соттун чечими беш күндөн кийин толук жарыяланат. Ошондуктан ага укуктук жактан кандайдыр бир комментарий берүүдөн карманып турар элем. Анүстүнө бул саясий иш – ага укуктук көз менен сереп салуу кыйын. Бул ишти жалаң саясий процесстин терезесинен карап гана комментарийлесе болот. Ошол жагынан айтсам, мен башында өкүмгө болжол бергенимде, Атамбаев менен кандайдыр соода жүрүп жатат го деп ойлогом. Дегеним, эгер Бакиевди алып келүү каралып жаткан болсо, балким, аларды актоо өкүмү же башкача жеңил өкүм чыгат деп боолгологом. Бирок жыйынтыгында Атамбаев менен келишүү болгон эмес окшойт деп калдым. Анткени өкүм жетиштүү деңгээлде оор болду”.

Курманбек Бакиев бийлик башына 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин келген жана 2010-жылы 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган Апрель окуяларынын шары менен президенттиктен кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларуста жашап келет.

Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен анын тун уулу Марат Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.

Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.

Ал үй-бүлөсү менен Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Расмий Минск кыргыз бийлигинин Бакиевди экстрадициялоо тууралуу кайрылуусун такай четке кагат.


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG