Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

9-сентябрдын аба ырайы: Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-сентябрдын экинчи жарымында жана 9-10-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана айрым жерлердеги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16...21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG