6-сентябрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары кабарлашты.
Сүрөтчү туура бир жыл мурун - 2024-жылдын 6-сентябрында 76 жашында оорудан улам көз жумган. Сөөгү 8-сентябрда жерге берилген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн.
Бекбосун Жайчыбеков 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм өнөр орто окуу жайын, кийин Москвадагы полиграфиялык институтту аяктаган. Бир топ жыл "Байчечекей" балдар журналынын көркөм редактору болуп эмгектенген. "Билим берүүнүн отличниги", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алган. Андан тышкары көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.
Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров тууну өзгөрткөн мыйзамга кол койгон. (ErN)
Шерине