АКШда Корея Республикасынын Hyundai компаниясынын заводунда мыйзамсыз миграцияга каршы рейд жүргүзүлүп, анда иштеген 475 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу 5-сентябрда бир катар маалымат агенттиктери жана басылмалар жазып, адамдарды мындай жапырт кармоо соңку 20 жылдан берки эң ири операция болуп калганына көңүл бурушту.
Кармалгандардын 300дөн ашууну түштүккореялыктар экенин бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 6-сентябрда билдирип, Жоржия штатында жайгашкан электромобиль батареяларын жасоочу заводдо болгон окуя үчүн "чоң жоопкерчилик сезип жатканын" белгиледи.
Hyundai компаниясы ишмердүүлүгүн бардык мыйзам талаптарына ылайык жүргүзөрүн, жумушчуларды кабыл алууда аларды текшерерин жана иммиграция эрежелерин так сактай турганын билдирди.
АКШда мигранттарга карата талаптар Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден тартып катаалдашып, бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөргө каршы ар кандай рейддер уюштурулууда. Түштүк Кореянын жарандары көп санда кармалган окуя буга чейин катталган эмес. Кошмо Штаттардын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) маалыматына караганда, 2023-жылдын 30-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-сентябрына чейинки бир жыл убакыт аралыгында АКШдан 46 түштүккореялык депортация болгон.
Соңку жылдары АКШга барган кыргыз жарандары да көбөйдү. 9-августта ал жактан 25 кыргызстандык миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн депортацияланган. Hyundai заводунда кармалган башка жарандар арасында кыргызстандыктар бар же жогу тууралуу маалымат жок. (RK)
Шерине