Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Жалал-Абад шаары Манас деп өзгөртүлөбү?


Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жаңы административдик имараты

Жалал-Абад шаардык кеңеши калаанын атын Манас кылып өзгөртүүнү колдоду, эми атайын мыйзам долбоор даярдалып ал Жогорку Кенеште каралмакчы.

Мындай сунушту мэр Эрнисбек Ормоков 3-сентябрдагы кезексиз сессияда көтөргөн жана аны аны элдин суроо-талабы деп түшүндүргөн. Деген менен бул демилге коомчулукта талкуу жаратты. Ошондой эле болочокто борбор шаар Жалал-Абадга көчүрүлүшү ыктымал деген жоромолдорго дагы жол ачты.

Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоковдун шаардын атын өзгөртүү сунушуна жергиликтүү депутаттарды бири дагы каршы болгон жок. Шаар башчысы муну жергиликтүү элдин мүдөөсү деп айтканы менен аны далидеген мисалдарды келтирген эмес. Ормоков бул сунуш колдоо тапса андан ары парламентте караларын айтты.

Эрнисбек Ормоков.
Эрнисбек Ормоков.

"Буга чейин биз эл менен кездешкенде элден ушундай сунуш түшкөн. Бир топ аксакалдардан дагы сунуш түшкөн. Ошонун баарын эске алып ушул сунушту силерге киргизип жатабыз. Эгер макул болуп, сунушту бир добуштан колдоп берсеңиздер аны Жогорку Кеңештин депутаттарына беребиз. Ал жактан өзгөрүп келет".

Шаардык кеңештин жыйынында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти Гүлжамал Токтогулова Жалал-Абад деген атын таржымалы тууралуу учкай маалымат берди жана уламыштарга байланыштуу экенин айтты.

"Төрт уламыш бар. Алардын бир Жалалиддин Хорезми салгылашууларда жеңилип калып, кайрадан аскер топтогон жери ушул Көк-Арт өрөөнү болгону менен байланыштуу. Экинчиси, Кокон хандыгынын мезгилинде ушул жердеги минерал сууларына келген Кокон хандыгынын катчысы Жалал менен байланыштуу дешет. Ошол жактагы адамдарды көчүрүп келүү менен ушул жерде кичинекей кыштак пайда болуп, анан ал жерди "абад" кылды, "гүлдөттү" деген сөз бар. Үчүнчүсүн дагы айтпай койгонго болбойт. Ошол Кокон хандыгынын мезгилиндеги Жалал деген кызматчы менен байлыныштуу айтылат. Эми аны өтө эле жарыялай берүүнүн негизин көргөн жокмун. Кийинкиси дин менен, Аюб пайгамдар менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө окумуштуулар арасында дагы "Жалал", "Жалал-Абад" деген терминдин айланасында бир теория жок".

Шаар 1991-жылы, өлкө эгемендик алгандан кийин Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул шаарда башка жактарга караганда көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүп жатат.

Быйыл 31-августта, эгемендик күнү Жалал-Абад шаарында белгиленди жана жаңы администрациялык имараттын ачылыш болду.

Шаардын атын өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоору парламентке качан жөнтүлөрү, качан каралары азырынча белгисиз.

Депутат Кундузбек Сулайманов эгер мыйзам долбоор келсе аны колдорун "Азаттыкка" билдирди.

Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.


"Мен ал сунушту колдойм. Ал жерде тарыхчылардын айтканы боюнча ал жерге бир Жалалдин деген табып келип, ошонун атынан коюлуп калган. Өзүбүздүн тарыхка келсек, биздин Манас атабыздын аты бир облустун шаарына коюлганын колдойм. Бул эң туура чечим. Ким демилге көтөрсо дагы мен аны колдойм".

Деген менен бул сунушту сындагандар дагы көп. Социалдык тармактарда тарыхый баалуулук сакталышы керектиги, шаардын атын өзгөртүүдөн пайда жоктугу, ашыкча чыгым-түйшүк жаратары айтылып жатат.

Ал арада бул демилге болочокто борбор шаар Жалал-Абадга көчүрүлөт деген жоромолдорду жандантты.

Талдоочу Эдил Марлис уулунун пикиринде, шаардын аталышын өзгөртүү демилгеси мындай божомолдордун чындыкка жакын экенин билдирет.

Эдил Марлис уулу.
Эдил Марлис уулу.

"Борборду түштүккө көчүрүү тууралуу сөздөр тээтиги эгемендикти алгандан бери эле айтылып келе жатат. Алардын арасында бир топ туура аргументтер дагы бар болчу. 30 жылдан бери заман деле өзгөрдү. Бүгүнкү саясий түзүмгө ылайык, борборду түштүккө көчүрүүнүн оң-терс жактарын тууралуу Фейсбукка дагы пикиримди жаздым эле. Жакшы тарабы, Бишкек борбор болбой калгандан эч нерсе жоготпойт. Эгер борбор түштүккө көчсө ал жакта саясий маданият түптөлөт. Экинчиден, Жалал-Абадда ачык эле көптөн бери эле даярдык жүрүп жатат. Буга чейин имиш катары эле айтылып жүргөн, бирок шаардын атын өзгөртүү боюнча демилге мындай сөздөр чындыкка абдан жакын экенин көрсөтүп жатат. Эгер шаарга эски, тарыхый, жергиликтүү атын калыбына келтиребиз дешсе, анда мындай ой туулмак эмес. Жалал-Абадды элдер Ооганстандагы аймак менен чаташтырып жатат, ошон үчүн өзгөртөлү дешсе анда түшүнсө болот эле. Бирок Манас деген кыргыздардын баарына таандык болгон сакралдык атты берүү демилгеси бул бир топ эле чоң белги экенин билдирет. Борборду көчүрүүнүн кереги барбы же жокпу деген суроо жаралат. Экономикалык жактан канчалык оор болорун деле талашуунун кажети жок. Казакстандагы Астана өңдүү жаңы шаар куруу эмес, буга чейинки шаарды жаңылоо маселеси турат. Дегеле азыр бардык эле шаарлар жаңыланууга муктаж. Президенттик администрациянын, аткаминерлердин, министрликтердин түштүккө көчүрүлүшү Жалал-Абад эле эмес, түштүк аймагына чоң түрткү болот. Шаарлардын жаңылоо системасы түп-тамырынан бери өзгөрмөк. Мындай шаарларда жер тамдар басымдуулук кылып, көп кабаттуу үйлөр көп салынбай келет. Чоң аэропорт салынып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан өңдүү долбоорлордон улам Жалал-Абад соода хабына айлана баштаганына байланыштуу ири кампалар ачылары турган иш. Ошондуктан ал жердин борбор болгону бир чети туура".

Эдил Марсил уулу ошол эле учурда тобоокелчиликтер тууралуу да эскертти.

"Борборду түштүккө көчүрүүнүн деле чоң тобокелчиликтери бар. Эртеңки күнү Кыргызстандын ичинде бул жагдайды колдонгусу келген күчтөр сөзсүз чыгат. Андай күчтөрдү колдоп чыккан тышкы күчтөр да болот. Ошондуктан бул маселеге абдан көңүл бурулушу керек. Аны чечмейинче борборду көчүрүүгө болбойт".

Бийлик башчылары Жалал-Абад шаарынын атын өзгөрүү демилгесине, борбор болот деген жоромолдорго байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Жалал-Абад Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айланары айтылып келген.

Садыр Жапаров 2023-жылы августтун аягында буга байланыштуу атайын план бекитилгенин, ага 2 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG