Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Менчик мектеп ачуу жолун болушунча жеңилдетүү каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү менчик мектептердин көбөйүшүн кубаттап, алардын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын аппараттык жыйынында "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында жүрүп жаткан реформалар тууралуу айтып бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы 4-августта кабарлады.

Реформалардын бири баштапкы жалпы билим берүүчү менчик мектептердин мамлекеттен лицензия алуусун жеңилдетүү экени, Касымалиев мамлекеттик мектептерде, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында орун жетишсиз болуп жатканын айтканы маалымдалды.

Бул аймактарда калктын саны улам өсүп, мамлекеттик мектепте балдар 2-3 смена менен окуганы билим берүү сапатын начарлатып жатканы, өкмөт жеке секторду бул маселени чечүүдөгү маанилүү өнөктөш катары көрөрү белгиленди.

"Адылбек Касымалиев менчик билим берүү жайларынын ачылышына жана иштешине жагымдуу шарт түзүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылды маалыматта.

Соңку расмий эсеп боюнча Кыргызстанда 219 менчик мектеп иштеп жатат, алардын көбү Бишкекте (108) жана Ошто (54). Былтыр бир жыл ичинде 33 менчик мектеп лицензия алса, быйыл жыл башынан бери мындай уруксат 21 мектепке берилди.

"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын талабына ылайык, эми 100 күн ичинде тийиштүү мекемелер менчик мектептердин лицензия алуусун болушунча жеңилдетүүнүн жол-жобосун иштеп чыгышы керек болот. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG