Батышта террорчул деп таанылган ХАМАС уюму 5-сентябрда 22 айдан бери барымтада отурган эки израилдик жигит Газа шаарында тартылган видеону таратты.
Гай Гилбоа-Далал жана Алон Охел аттуу 30га чыга элек эки израилдик жигит видеодо бири-бирин көргөнүнө таң калып учурашып, Газа шаарынын бир нече жерин машинеде отуруп айланышат. Эксперттер видео өткөн жумада тартылганын анда көрсөтүлгөн имараттардын абалынан баамдашты.
Төрт мүнөттөн ашыгыраак видеодо барымтада камалып отурганы эки жылга чукулдаган эки жигит Израил бийлигинен Газадагы согушту токтотуп, аларды аман-эсен куткарып алууну өтүнүшөт.
"Газа шаарындагы аскердик чабуулдар менин жүрөгүмдүн үшүн алууда. Бул - биз ушу жерде өлөбүз дегенди билдирет", - деген Гилбоа-Далал барымтада дагы сегиз израилдик кармалып турганын, согуштук аракеттер улана берсе алардын баары өлөрүн айтат.
22 ай мурун Израилде барымтага алынгандардын канчасы тирүү экенин көз карандысыз булактар тастыктай элек.
Айрым булактар ХАМАСтын колунда дагы 48 киши барымтада экенин, алардын 20сы аман экенин кабарлашкан. Жаңы видеодо сүйлөгөн эки жигит Израил калкын бийликтен алардын баарын бошотуп алууну талап кылууга үндөшөт.
Шерине