Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Алматы аэропортунда орусиялык активист кармалды


Алматы шаарындагы эл аралык аба майданы. (архивдик сүрөт.)
Алматы шаарындагы эл аралык аба майданы. (архивдик сүрөт.)

31-августта Казакстандын Алматы аэропортунда орусиялык активист Юлия Емельянова кармалды. Эми аны Орусияга экстрадициялоо коркунучу бар экенин "Орусиянын согушка каршы комитети" уюму жана "Ковчег" укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка караганда, Емельянова кийинки учакка отурууга даярданып жаткан учурда кармалган.

Орусияда ага 2021-жылдын сентябрында "Уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Емельянова таксисттин телефонун уурдаган". Бирок полиция бул телефонду активисттин үйүнөн эмес, өзүнүн бөлүмүнөн тапканы кабарланган.

Бул иш 2022-жылдын июль айында Санкт-Петербургдагы сотко өткөрүлгөн. Емельянова ошол маалда Грузияга чыгып кеткендигине байланыштуу сот процесстерине катышкан эмес. Укук коргоочулар бул ишти атайылап жасалган деп эсептешет.

Учурда Емельянова Казакстандагы тергөө абактарынын биринде кармалууда. Ага Казакстандагы Адам укуктары боюнча эл аралык бюро жана бир катар укук коргоо уюмдары жардам көрсөтүп жатат.

Юлия Емельянова Навальный штабынын, Emigration for Action жана Just Help долбоорлорунун активисти. Ал орусиялык саясий туткундарга да жардам берип келген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG