Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

"Казына үчүн пайдасы жогору". Ички карыз эмне үчүн көбөйүүдө?


Оштогу "Кыргыз унаа курулуш" заводунун цехи. 8-июль, 2021-жыл.
Оштогу "Кыргыз унаа курулуш" заводунун цехи. 8-июль, 2021-жыл.

Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда ички карызды буга чейинкиден 1,5 эсе көп алды. Өкмөттүн бул саясаты кандай максатты көздөөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев түшүндүрдү. Ал ички карыздын мөөнөтү бир кыйла кыска, үстөк пайызы жогору болгону менен, өлкө казынасы үчүн пайдасы көп экенин чечмеледи.

Ички карыздын булагы кайдан?

Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылдан бери ички карызды көп алып жаткан себебин финансы тармагында жана элдин колунда иштетилбей, бош турган каражатты экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Маселен, өлкөдөгү сомдун туруктуулугун кармап, инфляцияны ооздукташ үчүн коммерциялык банктарга 40% кем эмес каражатты накталай кармап туруу талабы коюлат. Камсыздоочу кырдаалдарга керектелген бул “кыска мөөнөттүү өтүмдүүлүк (ликвиддүүлүк)” деп аталуучу талаптын сакталышын Улуттук банк көзөмөлдөйт.

Өкмөт банктардын ошол 40% накталай каражаты тоңдурулган абалда, эч кимге пайда алып келбей жаткандан көрө, баалуу кагаздар аркылуу алып, экономиканын өнүгүүсүнө багыттоону туура тапкан.

Финансы министрлиги өлкөнүн ичиндеги экинчи ири булак болгон элдин колундагы бош каражатты алып иштетүү механизмдери азырынча чабал экенин, аны өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатканын билдирүүдө.

Финансы министри Алмаз Бакетаев алынган ички карыз экономиканы өнүктүрүүгө түрткү бере турган долбоорлорго гана жумшаларын айтат.

“Эмне үчүн ички карызга көңүл буруп жатабыз? Анализдеп көрсөк, ички карыздын пайдалуу жагы – биз ошол каражатты ички экономикадан алып атабыз. Ал каражаттын кожоюндары - биздин эле жарандарыбыз же мамлекеттик мекемелерибиз жана бизнес. Ошолорго кайсы бир мөөнөттөн кийин киреше болот. Башкача айтканда, биздин субъекттерибиз байыйт деген мааниси бар. Экинчи жагынан, биз ошол карызды алгандан кийин аны айлыкка же пенсияга жумшабайбыз. Биз аны өнүгүү жагына гана жумшайбыз. Же капиталдаштырууга, же бюджеттик насыя болобу, же болбосо инфратүзүмдүк долбоорлорго”.

Бакетаев казыналык облигацияларды көбүнчө банктар, камсыздандыруу компаниялары, Социалдык фонд жана топтомо пенсиялык фонддор алып жатышканын кошумчалады. Жеке жарандардын баалуу кагаз менен иштөө рыногу өнүгө элек – учурда жеке колго 11 млн сомдук гана баалуу кагаз сатылган.

Министр белгилегендей, мамлекеттик баалуу кагаздардын кепилдиги мыйзам менен корголот. Республикалык бюджетте карыздын көлөмүнө жараша, аны кайтарууга зарыл болгон каражат каралат жана ал мыйзам менен бекитилет. Алган карызын тейлөөгө кудуретсиз болуп калган мамлекет дефолт деп эсептелет. Ошондуктан өзүнүн аброю үчүн мамлекет мындай кооптуу жагдайды алдын алууга ынтызар болот.

Бакетаев ички булактардан алынган карызды айлык, пенсия сыяктуу керектөө муктаждыктарына эмес, өнүгүү тармактарына иштетүүгө артыкчылык берилерин билдирди.

“Азыр биз анализдеп, канча жумуш орундары пайда болгон, өндүрүштү көлөмдөрү канча өскөн, канча өнүктүрүү секторлору түзүлгөн – ошолорду санап чыгабыз. Экинчи жагынан, кайра эле ушул финансы секторуна капитал жумшап атабыз. Пайыздарды азайтыш үчүн биз банктардын капиталын өстүрүшүбүз керек. Энерготармакка бюджеттик насыя да берип жатабыз. Бул барып иштеп, кайра кайтарылып тургандай болот. Мына ушундай, өнүгүүгө гана. Анан инфратүзүмдүк долбоорлорго жумшайбыз – жол салабыз. Ошентип, жол кыскарат, жол боюнда инфратүзүм пайда болот”.

Соңку төрт жылда рекорддук көлөмдө ички карыз алынды

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдан тарта ички булактан карыз алууну кескин көбөйттү. 2021-2024-жылдары алган ички карызы 490 млрд сом болду. Салыштыруу үчүн: 2005-2020-жылдар аралыгында алынган ички карыздын жалпы көлөмү 319 млрд сом болчу. Мындайча айтканда, соңку төрт жылда алган ички карыздын суммасы ага чейинки 15 жылдагы карыздын көлөмүнөн 1,5 эсе (154%) ашып түштү.

Мамлекеттик казыналык облигациялар аркылуу алынган ички карыздын мөөнөтү салыштырмалуу кыска – 3-5-7 жыл, азыраак учурларда 10 жыл, ал эми үстөк пайызы 7%-15% болот. Мындай карыз өлкө бюджети үчүн оор келип, экономикалык тобокелдиктерди күчөтпөйбү деген суроо эксперттик чөйрөдө талкууга алынууда.

Экономист Нургүл Акимова бюджеттин карыздык жүгү оорлогон сайын ири мамлекеттик долбоорлорго каражат бөлүүдө ресуртук жетишсиздик тобокелдиги күчөйт деген пикирин айтты:

“Ички карыз мамлекеттик кагаздар аркылуу кыска мөөнөткө жана жогору пайыздык чендер менен көбөйтүлсө, бюджеттик карыздын жүгү олуттуу түрдө көбөйөт. Карызды төлөөчү жогорку чыгымдар бюджеттик каражаттын маанилүү бөлүгүн сиңирип алышы мүмкүн. Бул фискалдык ийкемдүүлүктү төмөндөтүп, инвестицияларды жана коомдук маанидеги программаларды каржылоо үчүн ресурстун жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, кыска мөөнөттөгү карыз алуу кайра каржылоо тобокелчиликтерин жаратат. Базар шартында начарлаган пайыздык чендердин кескин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул экономикалык туруксуздукту дагы күчөтөт. Мындай шартта макроэкономикалык тобокелчиликтерди арттырат жана бюджеттик системанын туруктуулугуна терс таасир этет”.

Өкмөт тышкы карызды төлөөгө кеткен чыгымдын көлөмү эң жогорку чегине жетип калганын, 2025-2028-жылдарда тышкы карызды кайтаруунун чокусуна чыгарыбызды, андан кийин чыгым акырындан азайып барарын билдирип келет. Ошол эле маалда, ички карызды тейлөөгө бөлүнгөн каражаттын үлүшү барган сайын өсүп барат. Маселен, 2024-жылы жалпы мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгым 67 млрд сом болсо, анын 64% тышкы карызга, 36% ички карызга жумшалды. 2025-жылы бул көрсөткүч 61%-39% болору эсептелген. Ал эми 2027-жылга божомолдо мамлекеттик карызды тейлөөчү 111 млрд сомдук сумманын 43% тышкы карызды, 57% ички карызды жабууга жумшалмакчы.

Ичтен карыз алуу банк тармагына кандай таасир этет?

Мамлекеттик казыналык облигациялар аркылуу ички булактардан карыз алуу банк тармагындагы жагдайды да бир кыйла өзгөртөт.

Банк тармагы да капчыгын элдин, компаниялардын жана Соцфонд, пенсиялык фонд сыяктуу мамлекеттик мекемелерден алган депозиттик каражатынын эсебинен толуктайт. Депозиттик рынокто банктар кадимкидей атаандаштык менен иштейт. Андыктан мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу ички булактан тартылган каражат банктардын депозиттик рыногуна коркунуч жаратпайбы деген маселе чыгат.

Алмаз Бакетаев мындан маселе деле жаралбайт, ким жакшы шарт түзсө, кардар ошону менен иштеше берет деп эсептейт. Баалуу кагаздар мамлекет тарабынан кепилденгендиктен, пайызы депозиттикинен азыраак болгонуна карабай, эл рыноктогу ишенимдүү колго берерин айтат.

Экономист Нургүл Акимова ички рынокто мамлекеттик баалуу кагаздардын көбөйүшү банктардын насыялык портфелине кооптуу абал жаратарын айтат. Эксперт мындай жагдай өз кезегинде экономиканын өсүшүн олку-солку кылышы мүмкүндүгүн белгилейт:

“Мамлекет ички базарда активдүү карыз алганда банктар депозит каражаттарынын маанилүү бөлүгүн мамлекеттик кагаздарды сатып алууга багыттайт. Бул жеке насыя берүүнүн эффективдүүлүгүн азайтат. Анткени мамлекеттик кагаздар кайтарымдуулугу жогору болгон үчүн алар дайым мамлекеттик кагаздарды тандайт. Ошондуктан, эгер насыялык портфелдин динамикасы жетишсиз болсо, мындай кырдаал банктардын жеке секторго насыя берүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, экономикалык өнүгүүнү басаңдатканга салым кошот”.

Эксперттер баамдагандай, эгерде ички булактардан алынган карыз инфратүзүмдүк долбоорлор, өндүрүштү модернизациялоо же мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртуу өңдүү багыттарга иштетилсе, анда салынган инвестиция ички дүң өнүм кирешесинин көбөйүшүнүн эсебинен акталат. Бул өз кезегинде карыз жүгүн жеңилдетип, бюджеттик системанын туруктуулугуна шарт түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG