Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 85 миң кишини түздү


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 85 миң кишини түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиев “Азаттыкка” билдирди.

Ал реестрдеги жарандардын саны улам өзгөрүп турарын, август айынын соңунда бул тизмеге кирген жарандардын саны 98 миңге жеткенин кошумчалады.

"Бул сандардын өзгөрүүсү реестрдеги адамдардын укуктук абалын жөнгө салганын же өлкөдөн чыгып кеткенин көрсөтөт. Анткени өлкөдөн чыгып кеткен жарандар дагы бул тизмеден чыгарылат. Өзүнүн укуктук абалын жөнгө сала албай калган жарандарды депортация же мажбурлап чыгаруу режимин колдонот. Биздин жарандардын басымдуу бөлүгү реестрге миграциялык каттоодон өтпөй, өзүнүн тийиштүү эмгек келишимин түзбөй жүргөн себептен кирген".

Буга чейин Асаналиев реестрге кирген жарандардын 30 пайызы каттоодон өтпөгөндөр, манжа издерин тапшырбагандар, медкароодон өтпөгөн балдар экенин билдирген.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу. Укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар 10-сентябрдан тартып өлкөдөн чыгарылат.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

Жыл башынан бери Орусиядан 3748 кыргызстандык чыгарылып, дагы 292и депортация болгон. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG