Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Курулуш министрлиги мектептерди экиден көп кабат курууга уруксат берди


Бишкектеги №67 мектеп.
Бишкектеги №67 мектеп.

Кыргызстандын Курулуш министрлиги мектептерди эки эле эмес андан көп кабат салса болот деген жаңы стандарт кабыл алды. Бул тууралуу 5-сентябрда агартуу министри Догдургүл Кендирбаева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Министр жер тартыш аймактарда, айрыкча Бишкек шаарында Жапониядагыдай 5 кабатка чейин коопсуз жана заманбап мектептер курулса класстардагы окуучулардын саны азаярын белгилеген.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2394 мектеп бар, анын 2170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 млн ашуун окуучу билим алат.

Ири шаарлардагы мектептерде орун жок, бир партада үчтөн, төрттөн бала отурганын айтып, айрым ата-энелер нааразылыгын билдирип келишет.

Буга чейин министр Кендирбаева Бишкек шаарында элдин саны көп болгондуктан билим берүү мекемелерине окуучуларды белгиленген сандан көп кабыл алууга туура келип жатканын айткан. Былтыр министрлик Бишкек шаарындагы мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатканын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG