2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга бюджеттен 744 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги 5-сентябрда билдирди.
Бул каражаттарга 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди. Маалыматка караганда, 1-2 жана 5-7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады.
Министрлик билдиргендей, орусиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, орус адабияты жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланды. Аларды мектептерге жеткирүү ушул жылдын октябрь айында башталат. Басылган китептерден тышкары бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, “Санарип Кампа” платформасына жүктөлгөн.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын билдирген. Мекеме орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек экенин жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөрүн белгилеген.
Былтыр социалдык тармактарда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китеп жетишпей, ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базардан сатып алып жатканы тууралуу билдирүүлөр чыккан.
2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирүүдө. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (КЕ)
Шерине