Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

1-октябрдан тартып эң аз пенсия 7100 сом болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.

"Токтом" порталына жарыяланган маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат. Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом кошулат.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору пенсия алган 800дөн ашуун адам бар.
Былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 44-беренесине ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG