6-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 32…34° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине