Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

УКМК Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады


УКМК тараткан сүрөт. 4-сентябрь, 2025
УКМК тараткан сүрөт. 4-сентябрь, 2025

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалганын 4-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, ал опузалап пара талап кылууга шектелүүдө. Атайын кызматтын билдиришинче, шектүү Чоң-Жайык жеринде алтын казуу ишин тоскоолдуксуз улантышы үчүн "Алтын Белги" ишканасынын Ж.у.А. аттуу директорунан 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМК токой чарбасынын директору ишкананын жетекчиси акча бербесе ага каршы тоскоолдук жаратарын айтып коркутканын белгилөөдө.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук комитети былтыр июнда Жалал-Абадда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган. Мындай ишкана түзүлүп-түзүлбөгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар, экологдор айрыкча Чаткалда алтын казган, чайкаган компаниялардын айынан жаратылыш бүлүнүп жатканын айтып келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG