Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу министрлерди, шаар мэрлерин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кылган иштерин социалдык тармактарга чыгарып, “пиар кылууну” токтотууга чакырды. Бул тууралуу парламенттин 3-сентябдагы жыйынында айтып, чарбалык маселелерди чечүү “ансыз деле өкмөттүн жумушу экенин” белгиледи.
“Жүктөлгөн иштерди жасаса, эл ансыз деле баалайт. Баары Ош шаарынын мэрин туурап, көчөгө чыгып кетишти. Оштун мэринин стили ушундай экен, ага жарашып жатат. Бирок башкаларга жарашпагандан кийин маскара болуп эмне кылышат дейм да. Ошол үчүн шаар башчылары, акимдер, губернаторлор аткаруу бийлигиндеги ишин аткарышсын. Жөн эле бир-эки таштандыны чыгарып атканды да жарыя кылганды токтотпойсуңарбы. Ал ансыз деле силердин түз ишиңер”, - деди Тургунбек уулу.
Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн блогер жалдаганды, социалдык тармактар аркылуу ар бир жумушту чыгарганды токтотууга үндөдү.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дээрлик күн сайын эртең менен мэриянын жетекчилерин кошуп алып калааны кыдырып, рейддик ишин социалдык тармактарга жарыялап турат.
Кийин башка аймактардын акимдери, шаар мэрлери да жасалган иштерди социалдык тармактар аркылуу көп чыгара баштады.
Жыл башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев министрлердин жана өкмөт өкүлдөрүнүн Жаңы жылда видео кайрылуу менен куттуктоо жолдогонун сынга алып, бул боюнча бир гана президенттин куттук айтканы жетиштүү экенин билдирген.
Шерине