Бишкек шаардык сотунда "Кемпир-Абад" иши боюнча 3-сентябрдагы отурум болбой калып, 10-сентябрга жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири Перизат Суранованын сыркоолоп калганы себеп болду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.
Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана процесс былтыр 6-августта башталган.
Былтыр 29-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, акталгандар менен жолуккан. Алардын арасында Илгиз Шаменов дагы болгон.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон.
Шерине