Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аламүдүн районундагы “Кара-Булак” эс алуу борборунун жетекчиси Э.Ш.Ж. жайыт жерлерин өзү билемдик менен ээлеп алганы үчүн кармалганын билдирди. Мекеменин 3-сентябрдагы маалыматына караганда, сөз Арашан айылындагы 6,1 гектар жер жөнүндө болууда. Бул аянтка 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат жана башка курулуштар салынганы аныкталган.
“Жогоруда аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерисиз курулган, ошондой эле жер участогун трансформациялоо жана кадастрлык органдарда каттоодон өткөрүлгөн эмес, бул Кыргыз Республикасынын жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат”, - деп жазылган маалыматта.
1-сентябрда эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган.
УКМК келтирген Э.Ш.Ж. инициалы Эгембердиев Шамил Жумадиловичке туура келет. Ал ачык булактардагы маалыматта "Кара-Булактын" башкы менежери деп жазылган жана компаниянын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиевдин уулу.
“Кара-Булактын” сайтындагы маалыматка караганда, бул жай 2000-жылдары түзүлгөн.
Компания жана Эгембердиев УКМКнын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек. Эс алуу борбору ишин улантып жатканын билдирди.
Шерине