Жеңиш чокусунда калган альпинисттерди издөө-куткаруу токтоду
Жениш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу жана эки ирандык альпинист Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иши кийинки жылга чейин токтотулду. Бүгүн Атайын кызмат учкучсуз аппарат учуруп, Наговицинанын тирүү экенинен эч бир белги аныкталбаганын билдирди. Орусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар уланууда. Трамп эгерде Путин Украинада тынчтык орнотууга көнбөсө Орусияга катаал санкциялар киргизилерин кайталады. Кыргызстан “Кумтөр” кенин толук өзүнө алып, иштете баштаганынан үч жылдан ашты. Кен мамлекетке өткөндөн бери эмне өзгөрдү жана ал кыргыз экономикасына дагы канча убакыт тирек болот?
Чыгарылыштар
-
Октябрь 14, 2026Украинадагы согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат?
-
Октябрь 13, 2026Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү
-
Октябрь 12, 2026"Яндекстеги" кризис, жергиликтүү таксиге талап
-
Октябрь 09, 2026ЕККУ: Журналисттердин сот иши ачык-айкын каралышы керек
-
Октябрь 06, 2026Франция: Окуучулар менен полиция кагылышты
Шерине