Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:35

КТУда коррупциялык чырдан улам эки окутуучу иштен алынып, 153 студент окуудан чыгарылды


Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде коррупциялык схема аныкталып, 153 студент окуудан чыгарылганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 28-мартта кабарлагандай, окуу жайдын С.У.Ж. жана А.А.Е. аттуу эки окутуучусуна Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (“Кызматтык жасалмачылык”) 2-бөлүгү менен айып тагылган.

Ошондой эле аталган эки окутуучу кызматтан алынып, 14 окутуучу жана жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылган.

Окуудан айдалган 153 студенттин 112си Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдөн келген жарандар болгон.

“Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Коррупцияга айыпталып жаткандар, алардын тарапташтары же адвокаттары комментарий бере элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында бардык жогорку окуу жайларда текшерүү жүрүп жатканын, “университеттерде окууга такыр барбаган студенттер диплом алып жатканын, сабакка келген студенттер гана калсын” деген талап коюп жатышканын билдирген.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80ден ашык жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен 31и мамлекеттик, эки жогорку окуу жайдын эл аралык деген макамы бар.

Ташиев 16-январда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалаган. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин маалымдаган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG