Сунушталган долбоордо Жаза аткаруу кодексинин беш, Кылмыш-жаза кодексинин 51 жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин эки беренесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган. Мыйзамды жазуу жана жактоо ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) мойнуна алды. Андыктан андагы жоболор укук тартибин коргоо органдарынын ишмердигине көбүрөөк тиешелүү болуп саналат.
Кодекстерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн ичинен айрым бир жосундардын кылмыш деп эсептелбей турганы юристтердин көңүлүн бурду.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлер менен укук коргоо жана күч органдары үчүн өз ыйгарым укуктарын "ары-бери чойгон мүмкүнчүлүктөрдү" жаратарын белгилейт. Ал күч органдарынын кызматкерлери кылмыш жасаган учурда деле “мамлекеттин же коомдун коопсуздугу үчүн” деп актанып кете тургандай күчтүү укук берилип жатканын айтат.
“Бул мыйзам долбоорду өтө дыкаттык менен караш керек. Себеби “мамлекеттин пайдасына же экономикалык, экологиялык, маалыматтык, улуттук коопсуздукту сактоо максатында аракеттер болсо анда бул кылмыш аракеттер эмес деп саналат” деп жазылып жатат. Мындай болушу мүмкүн да, бирөөнү кармап, сабап салса, азырынча бул кыйноо. Бирок эртең эле милициянын кызматкери “кечиргиле, бул өтө чоң кылмышкер, мамлекетке өтө көп зыян келтирген, ошондуктан биз аны кичине сабап койдук” деп айтышы мүмкүн. Мындай редакция менен өтүп кетсе ушундай болушу мүмкүн. Анда мамлекеттик кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын бир топ эле ашыкча мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп калат. Күзүндө көрөбүз го эми. Менимче, депутаттар дагы аны эске алып, четке кагат го бул норманы. Себеби бул инвестициялык климатка дагы туура келбейт”.
Мыйзам долбоору 2024-жылдын 8-апрелинде коомдук талкууга чыгарылган. Бир жылдан кийин парламентке келип түшкөн мыйзам долбоору депутаттар жайкы эс алуудан келгенден кийин, күзүндө карала баштайт.
Негиздеме катында “мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт” деп жазылган.
Коомдук талкууга чыккандан кийин мыйзам долбоорун “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери талдап, демилгечилерге сын-пикирлерин жөнөткөн. Сайтка байкоо салсак, мыйзам долбооруна андан башка бир да сунуш пикир берилген эмес. Бирок клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова демилгечилер алардын берген сунуштарын да эске албаганын айтты:
“Мында Баш мыйзамдын жоболору эле эмес, дегеле укуктук мамлекеттин принциптери бузулуп жатат. Анткени адам билип туруп кылмыш кылганда аны алдын ала жазадан бошотуп жатат. Укуктук мамлекеттин жазадан кутулбастык принциби бузулууда. Негизи бул бардык адамдарга тиешелүү. Бирок башкысы, аткаминерлерди жоопкерчиликтен бошотуп коёт. Бул тикелей коррупциялык чара. Алар алдын ала мыйзамсыз аракеттерди жасап, алдын ала өздөрүн жоопкерчиликтен чыгарып кетип жатышат. Сөз мына ушунда”.
Долбоор боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүгү мындай сөздөр менен толукталууда.
“...ошондой эле мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш болуп саналбайт”.
Муну менен катар "Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу" деп аталган 50-берененин аталышы “жана мамлекеттик түзүлүштүн, коомдун коопсуздугунун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кызыкчылыгында жасалган укук чегиндеги жосун” деп кеңейтилип жазылып, 1-бөлүгү так эле 18-беренедегидей жобо менен толукталып жатат.
Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызыкчылыктарын кеңейтүүгө умтулган мыйзам долбоорлору байма-бай сунушталып турат. 2024-жылы мурда органдарда иштеп келген бир катар депутаттар милицияны кызмат учурунда тасмага тартууга жана аны жарыялоого тыюу салууну демилгелеп чыккан болчу. Укук коргоочулар менен эксперттер ал мыйзам эң ириде укук коргоо органдарынын кызыкчылыктарын коргоого багытталганын белгилешкен. Бир кыйла талкуудан соң парламент ал мыйзамды четке каккан.
2024-жылдагы статистикалык байкоолорго ылайык, Кыргызстанда калктын ички иштер органдарына ишеними бир топ төмөн. Облус менен район-шаарларды эске албаганда, республикалык деңгээлдеги 23 министрлик, комитет-агенттиктердин ичинен 32,6 упай менен аяк жагындагы 19-орунда турган. Милицияга ишеним Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунда эң төмөн.
Шерине