Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Орусия жаңы түйүн аркылуу согушка ыктыярчыларды жалдап жатат


Москвадагы жарнама.
Москвадагы жарнама.

2025-жылы Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштады. "Доброкор" деп аталган схема аркылуу Украинадагы согушка бир жарым миңдей киши кеткен болушу мүмкүн. Бул структура Аскердик чалгын башкармалыгына (ГУР) баш ийет.

"Система" иликтөө долбоору сөз болгон схема кандай иштерин билүүгө аракеттенди.

Мурда Украинадагы согушка "Редут" менчик аскердик компаниясы аркылуу жалданып баруу мүмкүн болчу. Эми "Доброкор" долбоору аркылуу жалданма аскерлерди тартышууда.

"Доброкор" – Коргоо министрлигинин карамагындагы "Добровольческий корпус" ("Ыктыярчылар корпусу") деген аталыштын кыскартылганы. Ал 2023-жылы "Редуттун" негизинде түзүлгөн жана курамына ондогон жалдоочу бөлүктөр кирет.

"Система" жана "Схемы" долбоорлорунун буга чейинки биргелешкен иликтөөсү көргөзгөндөй, "Редут" менен "Доброкорду" Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгы (ГРУ) каржылайт жана көзөмөлдөйт.

"Доброкордун" сайтында жаңы схема менен жалдап алган 27 структура тизмектелген.

ГРУ "Доброкорду" кантип түзгөн

2023-жылдын 15-февралындагы буйругу менен Коргоо министрлиги ыктыярчылардын кошуундарына жалдоонун бирдиктүү принцибин бекиткен. Эки жумадан кийин мекеме “Ыктырчылар корпусун” түптөө тууралуу калың элге шардана кылынбаган буйрук чыгарган. Анын өзөгүн "Редут" системасына кирген бөлүктөр түзгөн. Ошол эле жылдын июнунда ошол кездеги министр Сергей Шойгу ыктыярчылардын командирлерине Коргоо министрлиги менен келишимдерге кол коюу көрсөтмөсүн берген.

"Редут" системасы менен биринчилерден болуп жалдаган "Волки" бригадасы
"Редут" системасы менен биринчилерден болуп жалдаган "Волки" бригадасы

"Вагнер" менчик компаниясынын башчысы, маркум Евгений Пригожин макулдашууга кол коюдан баш тартып, көп узабай козголоң уюштурган. Андан айырмаланып “Редуттун” отряддары 2023-жылдын 1-июлуна карай келишим түзүүгө көнгөн. Дал ошол дата "Доброкор" негизделген күн болуп эсептелет. Анын негизги куратору ГРУнун башчысынын орун басары Владимир Алексеев болуп калган.

Корпустун бөлүктөрү Харьков, Донецк, Луганск, Запорожье, Херсон багыттарында согушуп жүрөт. Алар Курск облусун кайтаруу кармаштарына да катышкан.

Бир корпус – эки система

"Доброкор" менен "Редуттун" айырмасын билүү үчүн "Системанын" кабарчысы өзүн согушка барууну каалаган ыктыярчы катары тааныштырып жалдоочулар менен байланышкан.

Согушка 18-55 жаштагы эркектер, 18-45 жаштагы аялдар (аларды медициналык бөлүктөргө жөнөтүшөт) жалданса болот экен. Аларга 205 миң рублден (2,6 миң доллар) ашык айлык акы төлөнөт. Маяна ээлеген кызматына жараша чегерилет. Машыгуу 10 күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Келишимдин минималдуу мөөнөтү жарым жыл, аны сегиз айга же бир жылга да түзсө болот.

Келишимдер Коргоо министрлигиникинен айырмаланып, “атайын аскердик операциянын" (Москва Украинага каршы согушту ушинтип атайт) аягына чейин автоматтык түрдө узартылбайт. Ыктыярчылар келишимди өз каалоосу менен узартып же үйлөрүнө кайтышы мүмкүн. Министрлик менен түзгөндөр жана мобилизациялангандардын келишиминде бир же эки жыл деген мөөнөт көрсөтүлгөнү менен согуш расмий аяктагандан кийин гана армиядан кете алат.

Иликтөөчүлөр "Доброкор" аркылуу жалдангандардын артыкчылыктары көбүрөк экенин аныкташкан.

Ал корпуста талапкердин ден соолугуна жана өмүр баянынан салыштырмалуу катаал шарттар коюлган. Ыктыярчы саламаттыгы тууралуу справкаларды чогултуп, соттуулулугу жок деген тастыктама алып келиши керек.

Ал эми “Редут” аркылуу согушка жалдануу жеңилирек. Саламаттыгына жана дене тарбия даярдыгына талаптар татаал эмес, соттуулулугу тоскоол боло албайт.

Муну менен бирге сөз болгон системанын кемичликтери да бар. Мисалы жаңы жалданган ыктыярчыларга регионалдык бонус алуу кыйын болот. Ветерандар жана согуштан кайтып келгендер майыптык, өлүм же башка жайгдайларга байланыштуу кенемтени оңой менен ала албайт.

"Көз жаздымда калгандар"

"Доброкор" аркылуу жалданган ыктыярчыга аскердик кызматкер деген макам, аны менен бирге социалдык кепилдиктер, төлөмдөр берилет. Бул тууралуу “Система” долбооруна Невский отрядына жалдоо иши менен алектенген киши айтып берди. Анын айтымында, укуктук жактан алганда “Редуттагылар” көз жаздымда калат. “Алар жок. Эч кандай ооруканалар, реабилитация каралган эмес. Эч нерсе жок”, - деп айтты журналист маектешкен киши.

Иликтөөчү-журналисттер жалдоочуларга ачык булактарда көрсөтүлгөн номер менен чалышкан.

"Доброкор" тууралуу видеоролик "Эрдик музейинде" көргөзүлгөн.
"Доброкор" тууралуу видеоролик "Эрдик музейинде" көргөзүлгөн.

"Доброкорго” катталгандар коопсуз болот жана жеңилдиктер, бонустар берилет деген кепилдикке ээ болушат. Бирок “Редуттан” айырмаланып, алар келишимдин соңуна чыкмайынча аскердик кызматтан кете албайт. Андай болбосо, дезертирлик үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн.

Май айына карата аскердик прокурорлор Орусиянын сотторуна дезертирлик тууралуу 20 миңден ашуун иш жөнөткөн. "Медиазона" жазганы боюнча ал иштер Украинадагы согуштун башында болгон окуяларга тиешелүү.

"Доброкор" аркылуу жалдангандар Коргоо министрлиги менен контрактка кол койгондордон айырмаланып, азырак бонус алат. Кээ бир учуларда айырма эки эсе болушу мүмкүн.

"Доброкор" жана "Редуттан" тышкары орус Коргоо министрлиги согушка жалдаган БАРС деген канал түзгөн.

Бирок министрлик менен келишим түзүп согушка кеткендер көбүрөөк. 2025-жылдын биринчи жарымында ыктыярчылардын кошуундарына 18 миң киши кошулса, 210 миң киши армияга жазылган. Бул тууралуу 2-июлда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага ооун басары Дмитрий Медведев билдирген.

Германиядагы Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча институттун эксперти Янис Клюге экинчи сан азырак, 190 миң болушу мүмкүн деп эсептеп чыккан.

Редакциядан: "Хочу жить" долбоору май-июнь айларында Орусия тарапта согушуу үчүн жалданган борбор азиялыктардын аты-жөнүн аныктаган. Ага ылайык, Өбекстандын 1110, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Түркмөнстандын 170 жараны майданга кеткен.

Бардыгы болуп кеминде 3232 борбор азиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган. "Хочу жить" долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.

Борбор Азиянын бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG