Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Украинадагы согушка кытай аскерлери тартылганбы?


Орусиянын армиясы 9-апрелге караган түнү Украинанын бир катар аймактарына дрондор менен чабуул койду. Ондогон киши жабыркады. Ошол эле маалда орус бийлиги да украин күчтөрүн аба соккулар үчүн күнөөлөдү.

Ал арада расмий Бээжин Украинада кытай жарандарынын колго түшкөндүгү тууралуу кабарларды текшерип жатканын билдирди. 8-апрелде украин президенти Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдаган.

Орус армиясы Украинанын Днепр, Харьков жана Краматорск шаарларына дрондор менен чабуул койду. Натыйжада жыйырмадан ашуун адам жараат алып, көптөгөн турак жайлар жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак билдиргендей, түнкү аба чабуулдарынан баарынан Днепр шаары катуу жабыркады. Ал жерде жок дегенде 15 киши жаракат алып, дээрлик баары оор абалда экени маалым болду.

"Көптөр жардыруучу заттардын сыныктарынан жараат алышкан. Айрымдары катуу коркуп калып медициналык жардамга муктаж болушту", — деди Лысак.

Ал кошумчалагандай, чабуул 15 менчик үйдү жана жыйырмага жакын автоунааны жарактан чыгарган. Ошондой эле бир нече ишкана, администрациялык имарат жана шаардык инфратүзүмдөр жабыркаган.

Украина: Бээжин туткунга түшкөн аскерлер тууралуу маалыматты текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Украинанын экинчи ири шаары деп саналган Харьков жана чыгыштагы Краматорск да Орусиянын дрон соккуларына дуушар болду. Жергиликтүү бийлик Харьковдо 20дан ашуун жарылуу болгонун, кеминде эки адам жаракат алганын билдирди.

Ал эми Донецк облусундагы Краматорскиде беш адам жараат алды. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, жабыркагандардын арасында 11 жаштагы кыз, анын 34 жаштагы апасы жана 55 жаштагы чоң энеси бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өнөктөштөрүн “мүмкүн болушунча көп адамдарды сактап калууга” көмөктөшүүгө чакырды.

"Согуш сүйлөшүүлөр же билдирүүлөр менен токтобойт. Москва дипломатиялык аракеттерди тоготпой, каалагандай аракет кыла алат деп ишенет", — деди Зеленский X социалдык түйүнү аркылуу жасаган билдирүүсүндө.

Украинанын аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде орус армиясынын 55 дронунун 32си атып түшүрүлгөн, дагы сегизи максатына жеткен эмес.

Днепро шаарына жасалган орус армиясынын чабуулунун кесепети. 8-апрель, 2025-жыл.
Днепро шаарына жасалган орус армиясынын чабуулунун кесепети. 8-апрель, 2025-жыл.

Украина "ийгиликтүү чабуулдары" тууралуу билдирди

Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги Telegram аркылуу абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде 158 дронду жок кылганын, анын 29у Түштүк Ростов облусунда атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын авиациялык бийлиги (Росавиация) 9-апрелдин таңында өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар аэропорттор убактылуу жабылганын билдирди. Буга дрон чабуулдары түрткү болгон.

Украин армиясынын башкы командачысы Александр Сырскийдин айтымында, жакында Киев орус аскер базаларына ийгиликтүү чабуул койгон.

"Бир нече күн мурун биздин чабуул Ту-22М3 үлгүсүндөгү алыс аралыкка уча турган бомбалоочу учакты жок кылды. Ал конгондон кийин биздин дрон сокку урду", — деди ал LB.ua басылмасына.

Сырский мындай учактын баасы 100 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошону менен катар орус бийлиги расмий Киевди эки тарап ортосундагы келишимди сактабай жатат деп күнөөлөдү.

"Орусия менен Американын президенттери 18-мартта жетишкен энергетикалык жайларга сокку урууну 30 күнгө токтотууну колдой турганын билдирсе дагы, Киев орус энергиткалык инфратүзүмдөрүнө күндө чабуул коюп жатат. 4-апрелден 7-апрелге чейин эле 32 жолу сокку урду. Ал эми Орусия бул келишимди так сактап жатат", - деди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова.

Буга чейин украин бийлиги тескерисинче Москва келишимди сактабай, энергетикалык жайларга сокку уруп жатканын айткан.

Фронттогу кырдаал

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институтунун (ISW) акыркы баяндамасына ылайык, орус күчтөрү Донецк облусундагы маанилүү Покровск шаарын алуу үчүн үч багытта аракет көрүүдө.

"Покровскинин түштүгү жана түштүк-батышындагы кырдаал өтө динамикалуу бойдон калууда, орус күчтөрүнүн чабуулдары күчөдү", — деп айтылат баяндамада.

ISW билдиргендей, бул шаарды алуу аракеттери соңку 13 айдан бери бул уланууда. Ошол эле маалда Украинанын дрон операциялары орус аскерлеринин алдыга жылышын татаалдаштырып жатат.

26-мартта Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин "убакытты утуп, жаздагы чабуулга даярданууда" деп айткан.

Анын айтымында, жаңы чабуулдар негизинен Сумы жана Харьков облустарына коюлушу мүмкүн. Ал эми генерал Сырский бул чабуулдар “де-факто” башталганын айтты.

"Азыр бардык негизги багыттар боюнча душмандын чабуулдарынын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү", — деди ал LB.ua басылмасына берген маегинде.

ISW ошондой эле орус күчтөрү Орусиянын Курск облусунда да жылыш жасаганын, ал жакта айрым айыл-кыштактар украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Сырский былтыр август айындагы украин күчтөрүнүн Курск облусуна күтүүсүз чабуулу Харьков облусун коргоодо "абдан маанилүү" болгонун белгиледи.

7-апрелдин кечинде Зеленский украин жоокерлери азыр Орусиянын Белгород облусунда жаңы позицияларды ээлеп жатканын биринчи жолу ачык айтты.

"Биз душмандын чек арадагы аймактарында активдүү аракеттерди улантуудабыз, жана бул толугу менен негиздүү... Негизги максатыбыз ошол бойдон кала берүүдө. Бул Сумы менен Харьков облустарын коргоо", — деди Зеленский.

Тутунга түшкөн кытайлыктар

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 9-апрелде журналисттердин Украинада колго түшүрүлгөн кытай аскерлери тууралуу суроосуна жооп берип жатып, расмий Бээжин ар дайым өз жарандарын куралдуу кагылышуулардан алыс болууга чакырып келерин билдирди.

"Кытай өкмөтү ар дайым өз жарандарын куралдуу кагылышуулардан алыс болууга, кандайдыр бир формада куралдуу кагылышууга катышпоого жана айрыкча аскердик операцияларга катышпоого чакырып келгенин баса белгилегим келет. Кытайдын Украина кризиси боюнча позициясы ачык жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири таанылган. Украина Кытайдын кризисти саясий чечим аркылуу жөнгө салууга болгон аракеттерин жана конструктивдүү ролун туура баалоо керек",- деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь.

8-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда орус армиясынын катарында согушуп жүргөн эки кытай жаранын туткунга түшкөнүн айткан. Ал бул аскерлер жалданма жоокерлерби же Түндүк Кореянын аскерлериндей эле кандайдыр бир эки тараптуу келишимдин негизинде Украинанын аймагына киргенби же жокпу так айткан эмес.

Расмий түрдө Кытай Украинадагы согушта эч бир тарапты ачык колдогон эмес жана Орусия менен да, Украина менен да соода байланышын улантып келет.

Бирок Бээжиндин “тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү керек” деген билдирүүлөрү көбүнесе Кремлдин согуш тууралуу билдирүүлөрүнө үндөш келерин байкоочулар белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG