Окуу жайдын жаңы жетекчилиги аларды окууга “мыйзамсыз кирген” деп күнөөлөөдө. Укук коргоо органдары да жарыша иликтөө иш жүргүзүп жатат. Атайын кызмат мурдараак бир окуу жайдан эле 3 миңдей студенти окуудан чыгарылганын билдирген.
Кеминде 32 студент айдалды
Көптөн күтүп, жогорку окуу жайга тапшырып, бирок жыл айланбай андан айдалып калган студенттердин бири Жаркынай Жусупова. Ал 2024-жылы Нарын облусунун Эмгекчил айылындагы мектепти аяктап, Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) негизги тестинен 158 упай алган. Химиядан жана биологиядан кошумча тест тапшырып, биринен 47, экинчисинен 56 упай алган.
Жаркынай медициналык багытта билим алууну көксөгөнү менен кошумча предметтик баллы ага жетпей калган. Натыйжада ал Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин юридика тармагына тапшырып, келишимдик негизде окууга өткөн. Анын акысынын жарымын да төлөп койгонун айтып берди.
Бүтүрүүчүнүн ата-энеси ортодо Кыргыз-орус славян университетине (КРСУ) да кайрылып, окуу жайдын өкүлдөрүнөн Орусиянын контракттык орундарына медициналык багыт үчүн кошумча тест маанилүү эмес экендиги жөнүндө маалымат алат. Ошентип, ал Улуттук университеттен кайтып, Кыргыз-орус славян университетине өтүп кетет.
Жусупованын апасы Элиза Эшенкулова “Азаттыкка” маегинде андан аркы окуянын өнүгүшүн мындайча айтып берди:
“Биз аябай тактап сурадык. Кабыл алуудагы кыздар “ой эже, биз ЖРТ тестинин жыйынтыгын карабайбыз, башкысы аттестаты жакшы экен, окууга кабыл алуу Орусиядан чечилип келет” деп ишендиришти. Болгону документтериңизди тапшырып коюңуз дешти. Ошо менен дарылоо иши боюнча келишимдик негизде документтерибизди тапшырып койдук. Бирок жооп келбегенинен эки жактан тең кур калбайлы деп кызым Улуттук университетке тапшырып, ага талон менен келишимдик негизде окууга өттү. Анын акысынын жарымын, 25 миң сом төгүп койгон элек. Капыстан эле Славян университетинен телефон чалып эле, “силер педиатр кесибине бюджеттик орунга өттүңөр” дешти. Биз кубанып, документтерди тапшырып, келишим түзүп, кызым кабыл алынды. Сентябрдан барып кадимкидей окуп баштады”.
Эшенкулованын айтымында, анын кызы менен чогуу башка да студенттерге окуу жылы аяктаган соң кайра эле ошол тесттин упайына байланыштуу кине коюлган. Анын баарын алар беш күн мурда окуу жайда угушкан. Каарманыбыз билдиргендей, ата-энелердин айрымдарын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү суракка алган.
“Кызым жыл ичи толук окуду, документтеринин баары так болуп эле, сессияларынын баарын тапшырды. Модуль-экзамендеринин баарынан бааларды алган. Окуу жадыбалдары аптасына, айына, баарына чыгып, бир жыл окушту. Практикасына да чыкты. Ошентип, 30-июнда сессияларынын баарын жаап, каникулга айылга келди. 7-июлда, саат төрттө кат келип, Бишкекке ректоратка чакырышты. Түнү менен такси таап, жетип бардык. Барсак чогулушта 16 студенттин фамилиясын окуп, “силердин кошумча тестиңердин баллы жетпейт экен окуудан айдалдыңар, буйрук чыкты” дешти. “Өзүңөр кабыл алсаңар, неге кетирип жатасыңар” деп чырылдадык. “Силер алдамчыларга илешип, өтүп алыпсыңар” дешти. Ошо менен эмне кыларыбызды билбей, отуруп калдык. Биз 16 эле студент экен десек, бул жерде 32 студент бар экен. Кабыл алууда шылуундары болсо бизде не айып? Бизге эмне үчүн бир жыл мурда айтышкан жок? Жок эле дегенде кышында айтышса, биз быйылкы улуттук тестке тапшырып, кайрадан окууга өтөт белек? Эми эмне болду, балдарыбыз бир жыл окуп, кайра көчөдө калды. Быйыл да окууга өтпөй, жалпы эки жылын жоготту”, – деди Элиза Эшенкулова
Учурда Кыргыз-орус славян университетинен ушундай жагдай менен окуудан чыгарылып калган студенттердин ата-энелери мессенжерлерде атайын топ түзүп, бири-бири менен маалымат алмашууда. Анын курамынан көрүнүп тургандай, студенттер ар кайсы багыттагы факультетте билим алгандар экен.
Мисалы, Жаркынай Жусупова Медициналык факультеттин студенти болсо, башка бир студент Мунир Дамир уулу Курулуш факультетинин студенти экен.
Анын атасы Дамир Марат уулу “Азаттыкка” буларды айтты:
“Менин балам 9-класстын базасы менен коллежди окуп бүтүп, курулуш адистигине тапшырган. Биз Политехти же Славян университетин тандап, кадимкидей эле келишимдик негизде окутканы жатканбыз. Себеби, балам жалпы республикалык тестти тапшырган эмес. Коллеждин диплому менен эле университетке өтөт, бул толук мыйзамдуу экенин билесиңер. Ошо менен “эки диплом берет” дегенинен кызыгып, КРСУга контракттык негизде окууга тапшырдык. Биз келишимдик негизде тапшырсак, алар орун бар деп, баламды бюджетке кабыл алды. Себеби, менин балам окуган кесипте болгону 10 чакты бала бар экен. Анын себеби ошол тайпа толбой калган окшойт да. Өздөрүнө орунду толтуруу керек болгон окшойт. Биз тесттин жыйынтыгы жок экенин айтканбыз, диплом менен өткөн. Эгер “тестиңер жок экен, албайбыз” десе, биз Политехке кете бермекпиз да. Биз түшүнгөндөн мурдагы ректор балким студенттердин санын көбөйтүү үчүн, балким окууга өтпөгөн балдарга шарт түзүү үчүн ушундай саясат колдонгон окшойт. Азыр эми жетекчилик алмашып кетип, жаңы эрежелерди киргизип алышыптыр. Биз пара берген эмеспиз, тааныш салган эмеспиз, эл кандай тапшырса, ошондой эле тапшырганбыз. Кайра бизди күнөөлөп жатышат”.
Ата-энелер президент Садыр Жапаровдун жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына, ушул жааттагы министрлик-мекемелердин баарына арыз жазып, жөнөтүшкөн. Алар азыр укук коргоо органдарынан реакция болбосо сотко кайрылууну караштырууда.
“Мыйзамдуулук предмети териштирилип жатат”
Маалым болгондой, Кыргыз-орус славян университетинде 2023-жылдан сентябрынан баштап ректор болуп иштеген Денис Фомин-Нилов 2024-жылдын октябрында командасы менен кызматтан кеткен. 24.kg маалымат агенттигине ошол маалда берген комментарийинде ал кызматтан кеткен себебин Орусиянын тиешелүү мекемелеринин чечими катары түшүндүргөн.
Анын ордуна Сергей Волков аттуу башка бир орусиялык окутуучу ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, быйыл июндун аягында кызматка толук бекиген. Студенттердин удаа окуудан айдалышы анын ишке толук киришкендиги менен дал келип калууда.
Баса, ректорду шайлоо маалында окуу жайда Камкорчулар кеңеши да түзүлүп, анын төрагалыгына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына болсо Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган.
“Азаттык” Кыргыз-орус славян университетинин маалымат бөлүмүнө кайрылган маалда алар соңку жагдай боюнча кенен комментарий берүүдөн карманып, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди:
“Учурда окууга кабыл алуудагы маселелер боюнча укук коргоо органдары текшерүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалыматтар ачыкталбайт. Ата-энелерге болсо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.
Кыргыз-орус славян университетиндеги булактар болсо “2024-2025-жылкы окуу жылы Орусиянын программасына ылайык, ЖРТнын жыйынтыгысыз кабыл алуу эксперимент катары жүргөнүн” ырасташты. Алар быйылкы жылы Кыргызстандын ЖРТ, Орусиянын ЕГЭ жана Казакстандын ЕНТ тесттеринин жыйынтыгы менен гана кабыл алынып жатканын билдиришти. Булактар окуудан айдалган студенттердин тагдыры кандай болоруна түшүндүрмө бере алышкан жок.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү Кыргыз-орус славян университетиндеги жагдайлар боюнча окуу жайдын жаңы жетекчилигинин өтүнүчү менен текшерүү иштерин жүргүзгөнүн, анда мыйзамсыз жагдайлар аныкталбаганын билдирүүдө. Мекеменин кызматкерлери андагы соңку фактылардан кабарсыз экенин айтып, алар боюнча да териштирүү жүрөрүн айтышты.
Министрликтин Жогорку-орто кесиптик дипломдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кадича Шамбеталиева мындай деди:
“Биз аталган университеттин жаңы жетекчилигинин өтүнүч катынын негизинде бир эмес, эки ирет текшерүү өткөрүп, КРСУдагы Кыргызстан тараптан берилген бюджеттин орундарга тапшыргандардын документтерин карап чыктык. Атайын автоматташтырылган система бар, анда бардык маалыматтар камтылат. Биз текшергенде бардык балдар талап кылынган босого баллдан өткөн экен, бир эле баланыкы жетпей калган экен, аныкын сураштырсак майыптыгы үчүн жеңилдик алган экен. Ал эми Орусиянын бюджеттик орундары боюнча босого баллы жетпей калган балдар аныкталганы чын, бирок эки министрлик чечим кабыл алып, аларды окуусун улантууга уруксат берилген. Бирок алар төрт жыл бою КРСУдан башка окуу жайга которула албайт деп чечилген. Ал балдар контракттык негизде окуусун уланта турган болгон, акысын төлөп, окуп жаткан. Ал эми июль айында окуудан айдалып кеткендер болсо, алардын башка жагдайлары болушу мүмкүн. Балким, сессиясын тапшырбай калышты, же ооруп калган, же келбей койгон себептери бардыр. Негизи Орусия берген бюджеттик орундар болбогону үчүн алар кабыл алууну өздөрү өткөрөт, бирок баары бир Орусиянын ЕГЭ тестинин жыйынтыгы болушу керек. Бирок босого баллы жетпей калганы үчүн бир жыл окутуп, анан чыгарылып калгандар тууралуу бизде маалымат жок. Эгер андай болсо бул туура эмес. Анда биринчиден аларды кабыл албаш керек болчу, бир жыл окуткан болсо улантыш керек. Бул маселени дагы териштирип көрөбүз”.
Деген менен “Азаттык” менен баарлашкан студенттер экзамендерин жана модулдарын толук тапшырганын, маселе Кыргыз-орус славян университетинин кабыл алуусундагы жагдайлардан улам гана чыкканын кайталашууда. Алардын ичинде Орусиядан, Казакстандан келген студенттер да бар.
Баса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл май айында Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде коррупциялык схема аныкталып, 153 студент окуудан чыгарылганын билдирген.
Эки-үч күн мурда эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын кабарлап, окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылганын кабарлаган.
Кыргыз-Орус Славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапаттуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.
Шерине