Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Гаагада Зеленский менен Трамп жолугушту


АКШ президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Гаагада НАТО саммитинин жалпы жыйыны аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү.

Зеленский Трамп менен узак жана мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

"Биз ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетүү жолдорун талкууладык. Элибизди кантип коргоо керектиги тууралуу сүйлөштүк. Тынчтыкты жакындатууга көңүл буруп, жардам берүүгө даяр болгону үчүн АКШ президентине жана Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдиребиз",- деп жазды Зеленский Телеграмдагы баракчасына.

Эки лидердин жолугушуусу 40 мүнөттөн ашык убакытка созулганы маалым болду.

НАТОнун Гаагадагы саммити башталар алдында Трамп журналисттердин Владимир Зеленский тууралуу суроолоруна жооп берген.

"Албетте, биз ортодогу кээ бир маселелерди талкуулайбыз. Анын айрым түйшүктөрү бар. Зеленский дурус жигит", – деди Трамп.

Bloomberg агенттиги мурдараак билдиргендей, Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүнө Украинадагы абал "такыр көзөмөлдөн чыгып кетти" деп айткан жана бул багытта жигердүү аракеттерди талап кыларын белгилеген.

Буга чейин Канадада өткөн “Чоң жети” саммитинин алдында Трамп менен Зеленский жолугушары айтылган. Бирок Трамп ал саммиттен эрте кеткендиктен кездешүү болгон эмес.

26-апрелде тараптар Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясынын алдында жолуккан.

Эки президенттин февралда Вашингтондо өткөн жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG