Украинанын Днепр шаарында орус аскерлеринин шейшемби күнкү соккусунан каза тапкандардын саны 18 кишиге жетти. Эртеси да Запорожье, Харьков облустары аткыланганын, бир киши каза тапканын, бир нечеси жабыркаганын жергиликтүү бийликтер билдиришти. Бутаны так мээлеген авиабомба Купянск шаарындагы тогуз кабат үйгө тийген. Ал арада НАТОнун Гаагадагы саммитине барган АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владийир Зеленский менен жолугушту. Саммит алдында альянстын баш катчысы Марк Рютте аскердик блок Киевге мындан ары да жардам берерине ишендирди.
Шерине