Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Рубио Ирандагы АКШ жарандарын Түркмөнстан аркылуу чыгаруу маселесин талкуулады


Марко Рубио.
Марко Рубио.

24-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен Израил-Иран жанжалын телефон аркылуу талкуулады. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар Түркмөнстан аркылуу АКШ жарандарын Ирандан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

АКШ Түркмөнстандын колдоосуна ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык жана соода жаатындагы байланыштарды кеңейтүүгө үмүт артарын белгиледи.

"Азатлык" радиосу Вашингтондогу булактарга таянып, расмий Ашхабад Ирандан чыгууну каалаган АКШнын 100дөн ашык жаранына чек арадан өтүүгө уруксат бербей жатканын жазган.

Reuters агенттиги шейшембидеги эки тараптын дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ашхабад мындай чектөөнү алып салганын жазды.

22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 16-июнда жарыялаган расмий билдирүүсүндө, Түркмөнстандын чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар.

Түркмөнстандын Иран менен чек арасы 1100 чакырымга созулат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG