Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 10-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал Бишкекке алынып келинди. Шектүү М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана ал оор кылмыш жасаган деп айыпталууда:
“Ыкчам маалыматтарга караганда, М.М. Москва жана Москва облусу боюнча "смотрящий" деп аталган милдеттерди да аткарган. Кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ”.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет.
Шерине