Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Индияда куткаруучулар учак кулаган жерде дайынсыздарды издөөдө


Жерге кулап түшкөн учактын сыныгы. Индия, 12-июнь 2025-жыл
Жерге кулап түшкөн учактын сыныгы. Индия, 12-июнь 2025-жыл

Куткаруучулар Air India компаниясынын Boeing 787-8 Dreamliner учагы кулаган жерде ишин аяктап, имараттардын урандыларында каза тапкандарды жана дайынсыз болуп жаткандарды издөөгө киришти.

Рейтер агенттиги жазганына караганда, кырсыктын себебин билүү үчүн учактын сыныктарын табуу аракети көрүлүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары пилоттор менен диспетчерлердин сүйлөшүүсү жазылган “кара кутулардын” бири табылганын кабарлашты.

Анда тышкары Индия коопсуздукту текшерүү үчүн ошол түрдөгү лайнерлердин учууларын убактылуу токтотууну караштырууда.

Лондонго бараткан жүргүнчү учак 12-июнда Индиянын Ахмадабад аэропортунан көтөрүлгөндөн көп өтпөй калктуу районго кулап түшкөн жана медициналык коллеждин имаратына сайылган. Бортто экипаж менен кошо 242 киши бар болчу. Бир жүргүнчү аман калганы кабарланган.

Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, кырсыкка учураган лайнер 2013-жылы уча баштаган, 2014-жылдын январында Air India авиакомпаниясына берилген.

Boeing трагедияны иликтөө үчүн эксперттердин тобу Индияга барууга даяр деп билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG