90 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат
Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринде үчтөн депутат - эки эркек, бир аял, жалпы 90 эл өкүлү шайланат. Демилгечилер мындай мыйзамдык өзгөртүүлөрдү саясий коррупцияга каршы күрөш жана шайлоо системасындагы кемчиликтерин азайтуу деп түшүндүргөн. Жаңы мыйзамдын артыкчылыгы эмнеде? Мурдагы шайлоо системасынан эмнеси менен айырмаланат жана эксперттер кандай баа берүүдө?
Шерине