Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Индияда ичинде 242 адам бараткан учак кырсыкка кабылды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Индияда 12-июнда кырсыкка учураган учактын ичинде жалпы 242 киши (Индия, Улуу Британия, Канада жана Португалия жарандары) болгон. Айрымдар алардын бири да аман калбаганын жазышса, кээ бир маалымат булактары кеминде эки жүрүнчү аман экенин кабарлоодо.

Окуя 12-июнда Индиянын батыш аймагында жайгашкан Ахмедабад шаарынан анча алыс эмес аймакта болду. Air India авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жаңы эле абага көтөрүлгөн.

AI171 каттамы жүргүнчүлөрдү Ахмедабаддан Лондонго жеткирмек. Ичинде 242 адам баратканы, арасында Индиянын, Улуу Британиянын, Канаданын жана Португалиянын жарандары болгону, жүргүнчүлөр 230 киши, учкучтар экөө жана экипаж мүчөлөрү 10 киши экени маалымдалды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Индиянын Ахмедабад шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болбогонун билдирди.

Кырсыктан кийин жабыркаган же каза тапкандар боюнча дипломатиялык мекемеге кайрылгандар болгон жок. Индиядагы элчилик кырдаал боюнча жергиликтүү мекемелер менен байланышып турганы маалымдалды.

Air India авиакомпаниясы X социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасына "Жараат алгандар жакынкы госпиталдарга жеткирилип жатат" деп жазды.

Flight Radar глобалдык интернет сервисинин маалыматына караганда, учак Лондондун Гэтвик аэропортуна конмок, ал учкандан бир мүнөткө жетпеген убакыт ичинде 190 метр бийиктикте радардан көрүнбөй калган.

Социалдык медиада жарыяланып жаткан сүрөт жана видеолордон учак кулаган жерди кара түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү телеканалдар учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөнүн айтып жатышат.

Полиция адамдар эмне болгону тууралуу расмий маалыматын жарыялай элек, бирок Reuters агенттиги көрсөткөн видеолордо адамдарды замбил менен ташып, Тез жардам машинелерине салып кетип жатышканы көрүнүүдө.

Бир катар маалымат агенттиктери жүргүнчүлөрдүн бири да аман калбаганын өз булактарына таянып жазып жатышат.

Ал эми ANI News агенттиги аман калган бир жүргүнчү табылганын, дагы бири ооруканада экенин полицияга таянып кабарлады.

Ал эми кырсык учурундагы видеолордо учак улам төмөндөп баратып, акыры жерге түшкөнү, андан кийин катуу жарылуу болуп, жалындаган өрт жана кара түтүн каптай баштаганы тартылган.

Индиянын авиация министри Рам Мохан Наиду Кинжарапу Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына бардык куткаруу кызматтары ошол жерде иштеп жатканын, кырдаалга жеке өзү көз салып турганын жазды.

Ахмедабад аэропортунун өкүлү учактарды кабыл алуу жана учуруу убактылуу токтотулганын билдирди.

Air India компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Натаражан Чандрасекаран каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Фаиз Ахмед Кидвай Associated Press агенттигине учак Мегани Нагар деп аталган калктуу конушка кулаганын тастыктады.

Индиянын саламаттыкты сактоо министри Гужарат штатындагы учак кырсыгынан “көп киши каза болгонун” билдирди. Бирок канча кишинин өмүрү кыйылганы жана канчасы жараланганы расмий айтыла элек.

Рейтер жазгандай, куткаруучулар имараттардын биринен 30 кишинин сөөгүн алып чыкканын билдиришти.

Авиакомпания билдиргендей, учактын ичиндеги 169у Индиянын, 53ү Британиянын, жетөө Португалиянын жана бирөө Канаданын жараны.

Boeing 787-8 Dreamliner эң заманбап учактардын бири. Air India окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Х социалдык тармагына жазды.

Британия кырсыктын айланасындагы жагдайларды аныктоо үчүн Индиянын бийлиги менен иштеп жатат.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Ахмедабаддагы “жүрөк ооруткан” трагедия “нес абалда калтырганын” социалдык медиага жазды.

Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Лондонго бет алган жана көптөгөн британ жарандарын ташып бараткан “учак кулаган жердеги көрүнүштөр үрөй учуратарын” айтты.

Буга чейин Индияда ири авиакырсык 2020-жылы августта болгон. Air India Express авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы конуу тилкесинен чыгып кеткенде 21 киши өлгөн.

1996-жылдын 12-ноябрында Чарки Дадри деген жерде Saudi Arabian Airlines компаниясынын учагы менен “Казакстан аба жолдорунун” лайнери асманда кагылышканда 349 кишинин өмүрү кыйылган. Ал Индиядагы эң кыйратуучу кырсык болуп калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG