Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Кандуу окуядан кийин Франция балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну көздөйт


Франциянын прокуратурасы мугалимдин жардамчысына бычак сайган деп шектелген 14 жаштагы өспүрүмгө адам өлтүрүү айыбын тагууну, тергөө абагына камоону сурады. Окуя дүйшөмбү күнү Ножан-сюр-Мар деген жерде болгон. Мектептердин биринде окуучулардын сумкаларын текшерүү маалында өспүрүм окуу жайдын кызматкерине бычак менен кол салган. 31 жаштагы аял жарааттардан көз жумган, анын артында төрт жашар баласы калды.

Окуучуну кармоо учурунда полиция кызматкери жеңил жаракат алды.

Аймактык прокурор Дени Деваллуа шаршембиде журналисттерге маалымдагандай, өспүрүм бычак сайганын, “адам өлтүрүүнү көздөгөнүн” моюнга алды.

Жашы жете элек болгондуктан ал өмүр аягына чейин эмес, 20 жылга абакка кесилиши ыктымал.

Окуядан кийин Франциянын президенти Эммануэл Макрон 15 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу караларын билдирди. Анын айтымында, андай чечим Еврошаркеттин деңгээлинде кабыл алынбаса, Франция “жакынкы айларда” өз алдынча тыюу салат.

Буга чейин балдардын онлайн-платформаларды колдонуусун чектөө сунушун Греция киргизип, Франция жана Испания колдошкон. Алар социалдык түйүндөр жеткинчектердин психикалык жана физикалык саламаттыгына терс таасир этиши мүмкүн деген изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына таянган.

Мартта француз полициясы айрым мектептерде жана айланасында бычак өңдүү куралды туш келди издөө рейддерин баштаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG