Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Air India авиакомпаниясынын учагы калк жашаган районго кулады


Учак кулаган жер. Индия, 12-июнь 2025-жыл
Учак кулаган жер. Индия, 12-июнь 2025-жыл

Индиянын саламаттыкты сактоо министри Гужарат штатындагы учак кырсыгынан “көп киши каза болгонун” билдирди. Бирок канча кишинин өмүрү кыйылганы жана канчасы жараланганы расмий айтыла элек.

12-июнда Air India авиакомпаниясынын Ахмедабад шаарынан Лондонго бараткан учагы көтөрүлгөндөн көп узабай кулаган.

Индиянын Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Фаиз Ахмед Кидвай учак Мегани Нагар деген калк жашаган райондо кулаганын АР агенттигине ырастады.

Рейтер жазгандай, куткаруучулар имараттардын биринен 30 кишинин сөөгүн алып чыкканын билдиришти.

Бортто 242 киши, анын ичинде эки пилот жана экипаждын 10 мүчөсү бар болчу. Авиакомпания билдиргендей, 169у Индиянын, 53ү Британиянын, жетөө Португалиянын жана бирөө Канаданын жараны.

Flightradar24 сайтындагы маалыматка ылайык, кырсыкка эң заманбап учактардын бири Boeing 787-8 Dreamliner учурады.

Air India окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Х социалдык тармагына жазды.

Британия кырсыктын айланасындагы жагдайларды аныктоо үчүн Индиянын бийлиги менен иштеп жатат.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Ахмедабаддагы “жүрөк ооруткан” трагедия “нес абалда калтырганын” социалдык медиага жазды.

Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Лондонго бет алган жана көптөгөн британ жарандарын ташып бараткан “учак кулаган жердеги көрүнүштөр үрөй учурарын” айтты.

Буга чейин Индияда ири авиакырсык 2020-жылы августта болгон. Air India Express авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы конуу тилкесинен чыгып кеткенде 21 киши өлгөн.

1996-жылдын 12-ноябрында Чарки Дадри деген жерде Saudi Arabian Airlines компаниясынын учагы менен “Казакстан аба жолдорунун” лайнери асманда кагылышканда 349 кишинин өмүрү кыйылган. Ал Индиядагы эң кыйратуучу кырсык болуп калган.


Шерине

XS
SM
MD
LG