Бишкекте 11-июнда өткөн эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземине блогердин ачык кийинип келгени үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилди. Бул тууралуу маалымат 12-июнда Кинематография департаментинин социалдык тармактагы баракчасына чыкты.
Анда Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана кызматкерлерге сөгүш берилгени жазылган.
“Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана кабылдабагандыгын билдирет”, - деп айтылат билдирүүдө.
Zhanxo деген каймана ат менен белгилүү блогер Жанара Алиеванын кинофестивалдын ачылышына ачык кийинип келгени социалдык тармактарда да кызуу талкууга түшкөн.
2023-жылдан бери өтүп келаткан Бишкек эл аралык кинофестивалы 15-июнга чейин уланат. Быйыл фестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт.
Шерине