Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Ирандын жарандары Тажикстандын аймагында каттоосуз жүрө алат


Ирандын жарандары Тажикстандын аймагында 30 күнгө чейин ички иштер органдарында каттоого турбастан жүрө алат. Бул тууралуу тажик Тышкы иштер министрлигинин сайтында 11-июнда жарыяланган маалыматта айтылат.

Мекеме белгилегендей, жоболор 2020-жылкы токтомду кайра карап чыккандан кийин өзгөртүлүп, жакындашуу, өз ара ишенимди арттыруу саясатын чагылдырат.

"Паритет негизинде киргизилген өзгөртүү кошуна дос мамлекеттерге түзүлгөн шарттарды жакшыртууну жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүнү көздөйт", - деп билдирди Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.

2024-жылдан тарта тажик жана иран жарандары бири-биринин өлкөлөрүнө 90 күндүн ичинде 30 күнгө чейин визасыз каттай алышат. Быйылкы февралдан аба жолдору менен визасыз каттоо режими күчүнө кирген.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын быйыл январда Душанбеге жасаган мамлекеттик визити ортодогу мамилелерге дем бергени кабарланган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сапарды "ар тараптуу өнөктөштүктүн жаңы баскычынын башаты" деп сыпаттаган.

Сапардын жүрүшүндө кызматташтык тууралуу 23 документке, арасында 450 миллион долларга инвестициялык келишимге кол коюлган.


Шерине

XS
SM
MD
LG