Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Жалал-Абад шаарындагы Лениндин эстелиги алынды


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Жалал-Абадда шаардык кинотеатрдын тушунда турган 1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин эстелиги алынганын “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматы ырастады. Эстелик Совет мезгилинде бетондон жасалганын жана андан бери бир да жолу оңдолбогону үчүн учурда авариялык абалда экенин түшүндүрдү.

Мындан тышкары шаардын эстелик жайгашкан Токтогул көчөсүнүн боюндагы скверди оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу скульптураны алууга туура келген.

“Алгач эстеликти шаардагы Жеңиш сейил багына көчүрөлү дегенбиз. Бирок ал жерде ага чейин эле Лениндин эстелиги болгон экен. Бир кишинин эки эстелиги бир жерде болсо, туура болбой калат. Ошол себептүү аны эч жерге койбой турган болдук. Мында эч кандай саясий себеп же кызыкчылык жок”, - деди мэриянын басма сөз кызматы.

Өткөн аптада Ош шаарынын борбордук аянтындагы Лениндин эстелиги алынып, “Мээрим” эс алуу борборуна орнотулган.

Буга чейин Лениндин эстелигинин айланасында талкуу жүрүп келген. Ош шаарынын тургундарынын бир бөлүгү актуалдуулугу жоголгондугуна байланыштуу аны алып, ордуна Кыргызстандын эгемендигине тиешелүү башка эстеликти орнотууну сунуштап келишти. Мындай талкуу өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өзгөчө жанданчу.

Шерине

XS
SM
MD
LG