Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Индияда Ахмедабад-Лондон жүргүнчү учагы аэропорттун жанында кулады


 Air India авиакомпаниясынын учагы. Иллюстрация
Air India авиакомпаниясынын учагы. Иллюстрация

Air India авиакомпаниясынын 242 жүргүнчү ташып бараткан учагы Индиянын Гужарат штатындагы Ахмедабад аэропортунун жанында кырсыкка учурады. Алдын ала маалыматка ылайык, учак көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган. Каза тапкандар, жабыркагандар тууралуу кабарлана элек.

India TV телеканалы окуя болгон жерди коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот деп маалымдады. Учак Ахмедабад шаарынан Лондонго бараткан. Индиянын ички иштер министри Амит Шах Гужарат штатынын ички иштер мекемесинин жетекчиси жана полициясынын башчысы менен авиакырсыкты талкуулап, борбордук бийлик жардам бере турганы айтты.

Авиакомпания окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Х социалдык тармагына жазды. Айрым маалымат каражаттары учак эл жашаган районго кулаганын билдиришүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG