Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Сербия президенти Украинага согуш башталгандан бери алгачкы жолу барды


Александр Вучич.
Александр Вучич.

Сербиянын президенти Александр Вучич Орусия кол салган 2022-жылдан бери Украинага биринчи жолу барды. Ал Украина – Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Одессада өткөн саммитке катышты.

Бул жыйынга украин президенти Владимир Зеленский да катышып, Европа лидерлери менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Саммитке катышкан дагы бир лидер - Румыниянын жаңы шайланган президенти Никушор Дан шайлоодон кийин биринчи жолу Украинага келди.

Одессада Молдованын президенти Майя Санду, Грекиянын өкмөт башчысы Кириакос Мицотакис жана Хорватиянын премьер министри Андрей Пленкович да болду. Бул лидерлер Украинанын таламын талашып келет жана бул багытта Зеленский менен бир нече ирет жолугушкан.

Мында Белград иш жүзүндө нейтралдуу позицияда турганы үчүн Вучичтин Украинага сапары көңүл бурдурду. Сербия Орусиянын украин жерлерин аннексиялаганын тааныбайт, Евробиримдикке кошулуу үчүн талапкер мамлекет макамына карабай Орусияны сындагандан жана ага каршы санкцияларды киргизүүдөн карманат.

Вучич өткөн айда Евробиримдиктин жетекчилигинин каршылыгына карабай, Москвага барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишинин 80-жылдыгына карата иш-чарага катышкан.

Одессадагы саммитте Вучич Сербия согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүү ишине катышууга даяр экенин айткан. Анын айтымында, өлкөсү "Украинанын бир же эки шаарын же аймагын калыбына келтирүүгө даяр. Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорун дагы бир жолу баса белгилеген.

Зеленский Вучич менен эки тараптуу жолугушуусунун видеосун жарыялап, серб лидеринин визити жана колдоо сунушу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал арада Сербия саммиттин соңунда Орусиянын Украинага каршы агрессиясын айыптаган биргелешкен билдирүүгө кол койгон жок.

Зеленский саммит учурунда башка маселелер менен катар Орусия Одессаны талкалап, аны басып алууга жана Молдова менен Румыниянын чек арасына чейин жетүүгө умтулуп жатканын билдирди. Мунун алдында, бир күн мурда шаар орус дрондорунун жапырт чабуулуна кабылып, бир нече үй кыйрап калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG