Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган беш баланы Орусиядан мекенине алып келди. Бул тууралуу 11-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстанга кайтарылган балдардын үчөө жакын туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп берилди. Эки бала Бишкектеги атайын балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды.
"Балдарды өзүнүн жакын туугандарына өткөрүп берүү аракети көрүлүп жатат", -деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Министрлик балдар кандай шартта кароосуз калганын ачык айткан жок.
Быйыл февралда Орусиядан үч бала мекенине алып келинген. Жылына Орусиядан бир нече баланы кайтаруу ишке ашып келет. 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган. Акыркы үч жылда - 2022-жылы 8 бала, 2023-жылы 12 бала, 2024-жылы 21 бала алып келинген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (AiA)
Шерине