Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Кыргызстан өз жарандарын АКШдагы нааразылык акцияларынан оолак болууга чакырды


Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат. Бишкек.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат. Бишкек.

Кыргызстан АКШда жүргөн жарандарын коопсуздугун сактоого чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 11-июнда тараткан маалыматтык билдирүүдө айтылат.

Анда мекеме АКШда туруксуз кырдаал жаралып жатканын эске алуу менен жарандарды көчө жүрүштөрүнө, митингдерге жана коомдук чогулуштарга катышпоону, мындай иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден алыс болууга чакырды.

ТИМ зарыл болгон учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүнө ыкчам кайрылуу керектигин эскертти.

АКШнын Лос-Анжелес шаарында мыйзамсыз мигранттарды жапырт кармоого каршы тутанган нааразылык акциялары уланууда. Шаарга улуттук гвардиянын бөлүктөрү жана деңиз күчтөрүнүн жөө аскерлери киргизилген. Шейшембиде кечинде шаардын борбордук бөлүгүндө элдин кыймылын чектеген коменданттык саат киргизилгени маалым болду.

Бул шаарда ICE (АКШнын Иммиграциялык жана бажы кызматы) кызматкерлерине каршы акциялар жума күнү, алар иммиграциялык мыйзамды бузган деген шек менен 44 кишини кармап кетишкенде башталган. Окуя болгон жерден тартылган видеолордон полиция демонстранттарды союл менен сабап, көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун көрүүгө болот.

Бейрасмий маалыматтар боюнча бул шаарда бир нече миң кыргызстандык жашайт.

Мыйзамсыз мигранттарды кармоо, өлкөдөн чыгаруу рейддери АКШда Дональд Трамп быйыл жыл башында президенттик кызматка киришкенден кийин башталган.

Айрым маалымат каражаттары Ак үй ICE кызматына күн сайын 3000дей мыйзамсыз мигрантты кармоо тапшырмасын бергенин кабарлашкан. Бирок Трамптын оппоненттери рейд учурунда мыйзамсыз жүргөндөрдү гана эмес, документи туура мигранттарды да кармап кетип жатышканын айтууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG