Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Султан Раевдин "Топон" романы итальян тилине которулду


"Топон" романынын мукабасы.
"Топон" романынын мукабасы.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин “Топон” романы итальян тилине которулуп, басылып чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзу билдирди.

Римдик Sandro басмаканасы чыгарган китептин бет ачары быйыл сентябрда өтөт. Бул автордун итальян тилине которулган алгачкы чыгармасы.

Калемгердин “Топон” романы буга чейин Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган. Бул чыгармада негизинен азыркы доордогу адамзат коому үчүн жаратылыш кырсыктары эмес, жан дүйнө кырсыгы өтө коркунучтуу экени сөз болгон. Адамдардын жүрөгүндөгү абийирдин, ар-намыстын, ыймандын таңсыктыгы, Кудайга болгон мамилелердин татаалдашы менен урандыга айланган ички дүйнө тууралуу маселелер козголот. Чыгарма буга чейин орус, өзбек, азери тилдеринде жарык көргөн.

Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Султан Раев 1958-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. “Чаң жол” аттуу аңгемелер, “Күн кармаган бала” аталышындагы аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын, “Жанжаза”, “Топон” романдарынын жана бир катар башка да чыгармалардын автору.

Жазуучу 2022-жылдын март айынан бери эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун жетектеп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG