Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан каза болгондордун саны 11 кишиге жетти. Шейшембиде болгон окуяда мектептин мурдагы окуучусу ок чыгарганы, кийин өз жанын кыйганы белгилүү болду.
APA агенттиги жазгандай, каза болгондордун арасында окуучулар жана мугалимдер да бар. Дүйшөмбүнүн кечинде жараат алгандардын бири ооруканада каза болгону такталган. Буга чейин кол салуудан тогуз киши набыт болгону кабарланып жаткан. Ок чыгарган кишини кошкондо, каза болгондордун саны 11ге жетти. Мындан тышкары кеминде он киши жараат алганы, айрымдарынын абалы оор экени айтылды.
Бул окуянын эмнеден чыкканы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек. Ок чыгарган кишинин аты айтыла элек жана ал 21 жашта болгон. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, ал австриялык жараны жана ок чыгарган мектепте окуган жана окууну бүтүргөн эмес. Kronen Zeitung басылмасы ал окуучу кезинде кодулоого кабылган болушу мүмкүн экенин жазды.
Шерине