Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

"Карындашым мөлтүрөгөн жан эле..." Айзиректин армандуу тагдыры


Айзирек төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон. Эки агасы, бир сиңдиси калды. Сүрөттө Айзирек апасы менен.
Айзирек төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон. Эки агасы, бир сиңдиси калды. Сүрөттө Айзирек апасы менен.

26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук темасын кайра козгоду. 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү камалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эркектерге кайрылып, аялдарды коргоого үндөдү.

Мектептеги 20 жылдык кечеден кийин өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын окуясы кыргыз коомун нес кылды. Карындашынан ажырап калган Нуркамил Эралиев үрөй учурган каргаша тууралуу мындай деди:

"Ошол күнү окуяны балдары көргөн. Эки кызы, бир уулу үйүндө экен. Дагы бир баласы лицейде, окуусунда болгон. Ал ошол жакта жатып окуйт эле. 20 жылдыктан кайтып келгенден кийин уулун "сарайга барып, аттарды карап кел" деген да, чоң кызы менен кичүүсүн "эшикке чыгып тургула" деп айткан экен. Алар эшикке чыгып кеткенде Айзиректи аткан. Уруш эмнеден чыкканын балдары айткан жок. Бул Айзиректи сабаган да эмес, чоң үйгө алып кирип эле аткан. Баласы сырттан киргенде атасы Айзиректин башын кармап алып үйдө отурганын айтып берди. "Суу алып кел" дептир, алып келсе Айзирек иче албай койгон. Бала кыйкырып ыйлаганда, шарт көтөрүп чыгып, машиненин алдыңкы отургучуна жаткырып, короодон катуу айдап чыгып кетиптир".

Айзиректи күйөөсү Өзгөндүн ооруканасына өзү алып барган экен. Агасынын айтымында, карындашы Ошто мугалим болом деп окуп жүргөн кезинде турмушка чыгып, андан кийин окуусун уланта албаптыр. Үйдө токсондон ашып калган кайненесин, балдарын карап, мүнөзү токтоо болчу деп агасы күйүп турат.

"Кызганычтан болгон күндө деле классташ балдары менен мындай эле учурашкан экен карындашым. Болгону бир агабыздын баласы бар, ал Айзиректин классташы. Адатта мындай 10-20 жылдыктарга кыздарды эркек классташтары чакырат эмеспи конокко. Атабыздын иниси болот, ага "Айзирекке сен чал, бир тууганың болот го" дептир классташтары. Ошол тууганыбыз Айзирекке WhatsApp аркылуу жазып, "20 жылдыкка келесиңби" деп сураган. Анан телефон чалса, Айзиректин телефонун күйөө бала алып, сүйлөбөй коюптур. "Сый тамагыбыз да бар, ошого катыш, кетип калба, биз камдаган белек бар, аны да алып кет" дептир. Болгону ошол. Эми милиция туура териштирип берсе деп үмүттөнүп жатабыз. Айзирек өзү бир мүнөз, көп сүйлөбөгөн, мөлтүрөгөн кыз эле. Мурда кийин уруп-сокконун же колу тийгенин билбейбиз. Бирок тагдырын талкалап, өзүн өлтүрүп койду...", - дейт Нуркамил Эралиев.

Карындашынын жетим калган беш баласын өз камкордугуна аларын айткан маркумдун агасы бийликке кайрылып, ишти калыс карап берүүнү суранды.

Айзиректин 40 жаштагы күйөөсүн Кара-Кулжа райондук милициясы 26-майда кармап, эки ай камакка алды. Ош облустук милициясы "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

"Аялды тебелеген эл өз тагдырын тебелейт"

Бул үрөй учурган окуядан кийин кыргыз коомунда зордук-зомбулукту токтотууга чакырыктар айтылып, кескин реакция жаралды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров коомчулукка, эркектерге кайрылып, кыз-келиндерди коргоп, колдоого үндөдү.

Абдулазиз Закиров, муфтий
Абдулазиз Закиров, муфтий

"Ар бир аял – эне, жар, кыз жана эже катары коомдун түпкү тиреги экенин унутпашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммед "силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле кылгандарыңар" деп, эркектерге аялзатына болгон мамиленин деңгээл менен ыйманын өлчөп берген. Аялзатынын укугу ыйык. Ага болгон кайдыгерлик – ыймандын алсыздыгы. Аялга урмат – коомго урмат. Аялга камкордук – үй-бүлөгө тынчтык. Аялга мээрим – келечекке бейпилдик. Ушул жерден ойчул Уинстон Черчиллдин да сөзү эске келет: "Аялды улуу кылган коом – улуу коом болот. Аялды тебелеген эл өз тагдырын тебелейт". Азыркы заманда аялзатына болгон зомбулук, көңүл коштук, кордоо – бул жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик".

Укук коргоочулар, адистер соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы зордук-зомбулук көп катталып, ал кадыресе көрүнүшкө айланып баратканын эскертип, коңгуроо кагышат.

Билим берүү тармагындагы талдоочу Асылбек Жоодонбеков коом мындай окуяларга кайдыгер карабай, мыйзамдын иштешин талап кылуусу зарыл деп эсептейт.

Асылбек Жоодонбеков
Асылбек Жоодонбеков

"Эң биринчи кезекте маалыматсыздык, коомдогу укук темасы, мыйзамдардын иштебей жатканы жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдөн улам эркектер жакшы билим ала албай, дүйнө таанымдын тардыгынан болуп жаткан окуялар. Анан укук коргоо органдары мындай иштердин кесепети анча чоң болбосо көңүл бурбай жатат. "Өз алдыңарча чечип алгыла" дейт. Ошондуктан бул маселеге коом кескин реакция кылышы керек. Кошуна, тааныш, тууган болобу, ар бир адам мындай көрүнүшкө каршы туруп, чыдамсыздыгын билдириши керек. Коом буга текши каршы турганда, мамлекеттик органдар, мыйзамдар иштегенде жыйынтык болот. Баласына, аялына кол көтөрүп жатабы - коомдогу жат көрүнүш деп кабылдоо керек".

Айзиректин өлүмү: Кыз-келинди ким коргойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:52 0:00

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев маркумдун Өзгөнгө караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы ата-энесине барып, көңүл айтты. Мэр Айзиректин балдарын Ош шаарында окутуп, жатакана, тамак-аш жана кийим-кече жагынан жардам берүүнү убада кылды.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Кыргызстанда соңку эки жарым жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болгон. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул мурунку жылга салыштырганда 32,1% көп.

Шерине

XS
SM
MD
LG