Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балыкчы жолунун боюнда жаңы отургузулган көчөттөрдүн куурап, саргайып кеткени тууралуу түшүндүрмө берди.
Мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган "Жашыл мурас" программасынын алкагында жалпы 2 миң гектардан ашык жерди жашылдандырууну пландаштырганын, былтыр декабрда Балыкчы шаарынын кире беришине 500 көчөт айдалганын маалымдады. Аларды карап өстүрүү, көзөмөлдөө жергиликтүү бийликке берилгенин белгиледи. Ошол эле маалда куурап калган көчөттөр башка тал-терекке алмаштырылып жатканын кошумчалады.
"Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Токой кызматы өз эсебинен уруктарды өндүрүп, эгип, жергиликтүү бийликтин балансындагы такыр жерлерди жашылдандырууга жардам көрсөтүү өнөктүгүн улантып жатат. 2024-жылдын декабрь айында Балыкчынын кире беришине 500 даана карагай көчөтү отургузулган. Бул жер тилкеси шаардык мэрияга караштуу болгондуктан мындан аркы сугаруу, өстүрүү иши жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө калтырылган. Ошого карабай бүгүнкү күндө айрым соолуп калган карагайларды Балыкчы токой чарбасы терек, жийде көчөттөрүнө алмаштырууда",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында социалдык тармактарда Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, эколог Адилет Усупбаевдин бул көчөттөр тууралуу видеосу жарыяланган. Анда ал жаңы эгилген, саргайып калган көчөттөрдү көрсөтүп, аларды тигүүдө илимпоз-окумуштуулардын пикири эске алынбай, ошол жердин шартына ылайык эмес бак-дарактар тигилип жатканын айткан.
Кыргызстанда жыл сайын дээрлик бардык аймактарда көчөт отургузуу өнөктүгү жүрөт. Бирок тигилген көчөттөрдүн бир бөлүгү жыл айланбай куурап калган учурлар арбын катталат.
Былтыр "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген жана анын 67% гана көктөгөн.
Шерине